Жусуп Турусбековдун 100 жылдыгы

Кыргыздын улуттук профессионалдык адабияты менен маданиятынын түптөлүшүнө акын, драматург Жусуп Турусбековдун орду бийикте экендиги чындык. Чүй университетинин президенти, академик С.Мамбеткалиевдин демилгеси менен Жусуп Турусбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилөөнү аталган окуу жайдын окумуштуу-педагогдор жамааты колго алышты. Таланттуу акын, драматургдун арбагынын алдында бул ишти өтөөсүнө чыгаруу үчүн адабиятчыларды, акындар менен жазуучуларды, дегеле Ж.Турусбековдун чыгармачылыгын урматтаган атуулдарды, мураскорлору менен туугандарын иштешүүгө чакырышат. Мындай чакырыкка тартуу менен 100 жылдыкка карата Чүй университетинде ар кандай иш-чараларды аткаруу болжолдонууда.

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.