Нурбек ЭГЕН: “Маңкурттардын аты бар, заты жок!”

d18dd0b3d0b5d0bdУчурда Москвада жашап-иштеп жаткан, “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасын жаңыдан тартып бүткөн белгилүү режиссер Нурбек Эген Бишкекке келгенин угуп, ал Москвага учуп кетээр күнү жолугушуп маек курдук.

– Нурбек мырза, Бишкекке канча убакытка келдиңиз?
– Бир жумага.

– Москвадан кыргыз жергесине келатканда жана бул жактан кайра артка кайтканда кандай сезим коштойт?
– Жумуштан үйгө, үйдөн жумушка кайткандай. Үйгө келгенде эс аласың, жашайсың. Жумуштан иштейсиң, үй-бүлөнү бакканга акча табасың. Менин келип-кетишим ушул сыяктуу. Бул жакка жөнөгөндө үйгө келаткандай болом. Бул жактан жүрөк менен, табият берген жан дүйнөм менен жашайм, а Москвадан акыл менен жашайм, иш көп… Эки жактын айырмасы чоң.

– Жаңы тартылып бүткөн даректүү фильмиңиздеги негизги тогуз каарманыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
– Бир каарманым айылдык мугалим, экинчиси – жоокер, чегарачы, кийинкиси бизнес чөйрөсүнөн, бирөөсү башкаруучу келин, бешинчиси манасчы, алтынчысы комузчу, жетинчиси ойчул, дүйнө таануучу, сегизинчиси гастарбайтер – жаш кыз, тогузунчусу четте окуп жүргөн кыргыздын жаш студент жигити.

– Ушул тасма аркылуу ички дүйнөңүздү кыйнаган көйгөйдү бергим келет дедиңиз эле…
– Каармандар аркылуу ар биринин жүрөгүндөгү Манасын бергим келди. Демек, кыргыздар жөнүндө тарттым. Ал каармандарымдын окуялары аркылуу алардын турмушундагы кыргыздын өткөнү, 16-жылдагы үркүн, 37-жылдагы сүргүн, репрессия, башкача айтканда оор жылдардын тарыхы берилип, ал мезгилдер каармандардын өмүрүнө, тагдырына, мүнөзүнүн тарбияланышына кандай таасир бергени, азыркы учурда да ал жылдардын тагы адамдын жеке дүйнөсүндө кандайча көрүнүп турганын чагылдырдым.

Тасмадагы чегарачы жоокер аркылуу кыргыздын чегарасынын тарыхы, бүгүнкү абалы, ал эми башкаруучу келин аркылуу кыргыздын кыз-келиндери кандай болгон, кыргыздардын кыздарга, келиндерге, жарга, энеге болгон мамилеси кандай эле, азыр кандай болуп жатат, жаштары кандай деген көрүнүш камтылды.

Ойчул аркылуу кыргыздардын байыркы илими, тарыхы, дүйнө таанымы, мындайча айтканда кыргыз элинин эгемендүүлүктөн кийинки портрети берилди деп айтсам болот. Бизнесмен аркылуу кыргыздардын тарыхындагы бизнес, жибек жолунун тарыхы, совет доорундагы бизнес кандай болгон, кыргыздар сооданы кандай түшүнүшкөн, бүгүнкү күндөгү бизнестин абалы кандай, кандай болуп өнүксө болот деген маселе камтылып, ошондой эле жаңыча, оригиналдуу бизнести жасаган кишилер боюнча тартылды. Айылдык мугалим аркылуу өз тармагында кыйынчылыкка карабай иштеп жатканын, мезгилден артта калган абалын, ошого карабай келечек муундарын тарбиялап жатканын баяндап, мугалимдин өмүр таржымалы менен элдин тарыхынын дагы бир жагын ачуу болду.

Тасманы кайсы жерлерден тарттыңыз?
Кыргыз жергесинен, Алтайдан, тарттым. Кытайдан тартсам дегем, бирок акча каражаты мүмкүнчүлүк бербеди. Фильмдеги кыргыздын студенти болсо Жапонияда окуйт, аны ошол жактан тарттым. Гастарбайтер кызды Россиядан тарттым.

Россиядагы биздин кыргыздардын ахыбалы тууралуу эмне айта аласыз?
Ал жактагы кыргыздар өздөрүн кыргызмын деп айткандан уялганы көп нерсени түшүндүрүп турат.

А киммин деп айтышат өздөрүн?
Казакмын дешет да… Анан орусча сүйлөшөт баары, билгени-билбегени деле.

А сиз студент кезде көчө шыпыргыч болуп иштеп жүргөндө кыргыз экениңизге уялчу эмес белеңиз?
Мен дайыма эле кыргызмын дейм. “Сен кечээ эле адам болгон кишисиң. Советтер союзу жок болсо силер ошол боюнча калмаксыңар” деп өткөн тарыхты билбеген, бүгүнкү келечеги жок цивилизациянын кишилери – маңкурттар гана айта алат. Бүгүн мына көпчүлүгү орусияны макташат: мындай болуп кетти, тигиндей болуп кетти деп. Эгер элдин демократиялык көз карашын алсак, кыргыздар алардан 10-15 жылга алдыда. Улут – улут катары өнүгүш үчүн өзүнүн эгемендүүлүгүн барктоосу жана сактоосу абдан абзел. Биздин аткаминерлерибизди жектеп, Орусиянын эл баштоочуларын жактырып, өзүнүн көз карандылыгынан баш тартып, тилин барктабай, тарыхын тааныбай жүргөндөр – маңкурттар булар. Маңкурттардын аты бар, заты жок, кожоюнсуз жашай албай турган кишилер. Башка улуттар билбесе да, кыргыз өзүнүн кыйын журт экенин, өткөн тарыхынын баалуулугун билгенге милдеттүү.

Биздин жердештердин ал жактагы турмушу кандай?
Абдан аянычтуу. Эң өкүнүчтүү жагы – алар денсоолугун жоготуп жатышат. Дагы бир жаман жагы – кур намыска алдыргандары. “Биз акча таап иштеп жүрөбүз, бул жакка акча салышыбыз керек” деп кайткылары келбейт. А бирок кантип акча таап жашап аткандарын көрсөң бооруң ооруйт.

Мисал келтире кетпейсизби…
Мына мындай мисал келтирейинчи… Москвада катталган кыргыздар 200 миңден ашык. Катталбагандары андан көп эмеспи. Кыргыз кыз-келиндери ар кайсы жакка кайрылып убара болбош үчүн, кыйналбаш үчүн Москвадагы биздин элчиликтин жардамы менен атайын гинекология борбору курулган. Ошол жердеги эже менен сүйлөшсөм, 3.05.2008ден 27.02.2009дун аралыгында, башкача айтканда 10 айдын ичинде кыргыз кыздары 6 миң 700 аборт жасатышыптыр. Мындайча айтканда, бир сааттын ичинде беш кыз аборт жасатат экен. Ошол 6 миң 700 адамдын ичинен 47си төрөптүр. Эгер балдарынан баш тарткан ошол аялдардын жарандыгы Кыргызстандыкы болсо, төрөлгөн балдарды бул жакка алып келишет, бул жерден кыргыздар багып алат. А эгер жарандыгы Россияныкы болсо, балдар ошол жакта калыш керек экен. Ошентип, кыргыз ымыркайларынын көбү Америкага, Европага кетип атышат. Ушул нерсе эң жаман жагы, аянычтуу көрүнүшү. Жаңы фильмимде муну да чагылдырам. Бул жактагы иштеп жатат деп сүйүнгөн ата-энелер кыздары кантип акча таап жаткандарын билишпейт. Он алты, он жети, он сегиздеги кыздар бар, эмнени түшүнөт алар. Кыздардын ден соолугунун бузулушунан улам, кыргыздын каны, генефонду бузулуп жатат, кыргыздардын саны көбөйбөй жатат. Жүрүш-туруш жагын айтсак, көпчүлүгү маданияттуу сүйлөгөндү да билишпейт. Сүйлөшө келсең эле эки сөзүнүн бири “эме”, “эмечи”, “жанагы”, “тигил” деп сүйлөшөт. Руханий дүйнө менен таптакыр жашашпайт. Москва деген дүйнөдөгү чоң шаарлардын бири да. Ошол тапкан акчаларына музейге, театрга деле барышса мүмкүнчүлүктөрү бар. Жок, алар андан көрө чогулуп ичишет, туулган күн өткөрүшөт. Баары эмес, арасында зиректери да бар. Бирок, токсон беш пайызы ошондой. Топтолуп алып 20-30дан жашашат. 3-4төн жашаганга мүмкүнчүлүктөрү болсо да ошентишет. Себеби, акчаны арттырып Кыргызстанга жөнөтүш керек.

Биздеги кайсы терс көрүнүштөрдү белгилеп кетер элеңиз?
Биздеги көйгөйлүү нерсе – ишеним кетип жатат. Эч ким эч кимге ишенбейт. Башкалардан жардам күтө албайсың. Колуңда акча болбосо, эч ким сени көтөрмөлөбөйт, карапайым үй-бүлөнүн адамы болсоң, аябай кыйналасың. Билимге көп көңүл бурулбай жатат. Негизгиси, билим алганга аракет кылышың керек. Билим алгандан кийин өзүң каалаган чөйрөгө кириш керек. Четке чыгып жанталашып окуган балдар – колунда жок үй-бүлөнүн балдары. Алар гастарбайтерлер бир жылда тапкан акчаны бир эле айда таап коюшат. Себеби, тил билип, анысын пайдаланып иштешет, котормочу болушат. Ош тараптагы туугандар билимге айрыкча көп түшүнбөйт. Алар үчүн дароо эле акча таап иштеп башташ керек. Жалал-Абадга, Ошко окууга киргизип коюп, барбай эле беш жыл бою акча төлөп бүтүрүп алгандар бар. Анан диплом алып бир жерге орношуп алышат. Билим дегенге терең карабагандары, түшүнбөгөндөрү өкүнтөт. Бизде китеп окугандар жокко эсе. Гезитти окуганда да аябай тандашат. Ичинде ушак, саясатчылардын мушташы жок болсо, окушпайт. Элдин руханий байлыгы ушул боюнча түшүп кетеби деп коркосуң. Бүт баары DVD көрүшөт. Анан ойлонуп көрө турган нерсе болуп калса көрүшпөйт, өчүрүп коюшат. Мунун баары билимибиздин жоктугунан, дээрибиздин жардылыгынан болуп жатат. Ал эми ой жүгүрткө алган, билими бар, чарчабаган, бир идеяны туу тутуп өжөрлүк менен жашаган адамдарды карасаңыз, алардын жашоо турмушу жакшы.

Коомдук ишмерлерибизге сырттан көз салып турасызбы?
Бүгүнкү күндөгү процесс ооз жүзүндө, тил менен гана бүтүп жатат. Иш жүзүндө иштеген патриоттор абдан эле аз. Бизде бирдиктүү бир система жок. Ар ким өзүнүн колунан келишинче иш жасап, чакан эл болсок дагы ар кайсы жерде чачырап жүрөбүз. Эгемендүүлүк алганыбыз менен, бизде толук эгемендүүлүк жок. Экономикалык жагынан көз карандылыгыбыз чоң, чегара маселелери тактала элек, эне тилибизди алигиче мамлекеттик деңгээлде толук кандуу пайдалана албай келебиз, өзүнчө бир идеябыз жок. Элди бириктире турган бир идея, бир киши болуш керек. Ал киши өз идеясын берип, жеке кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюп, элди артынан ээрчите билиш керек. Ошондо чачыраган кыргыз чогулабыз, биригебиз. Болбосо жок болуп жоголуп кетиш өтө оңой нерсе. Менин тасмамдын идеясы, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген аталышы ушундай сезим, ой жүгүртүүлөрдөн чыгып атат.

Кийинки муунга кандай көз караштасыз?
Мамлекетти оңоп кетчү жаштар келатат. Советтер союзун көрбөй калган, орустар менен иши жок жаштарды айтсак болот. Азыркы 24-25 жаштагы жаштардан көп нерсе күтөм. Эне тилин билбеген, дилинде кыргыз жашабаган, бирок өзүн патриотмун дегендерге толук ишенбейм. Тилин билбеген адам патриот боло албайт. Себеби, башка элдерден айырмаланып, кыргыз мурастарынын бүт баардыгы тилинде калган. Бизде архитектура жок, живопись жок, бардык байлыгыбыз – дастандарда, эпостордо, жомоктордо, ырларда, күүлөрдө. Ал эми биз чын эле азыр өнүгүүнү кааласак, орус тилине эмес, англис тилине көбүрөөк басым жасашыбыз керек. Ал тил аркылуу көп нерсени таанып-билип, жүз эсеге көп маалымат ала алабыз, жүз эсе бай боло алабыз. Дүйнөлүк кыйын чыгармалардын баары тең англис тилине которулган, дүйнө элдеринин баары англис тилинде сүйлөп жатат.

Демек, келаткан муун турмуштун жаңы нугун түшүнүп калышты да…
Ооба. Алар ата-энелери кантип кыйналып акча таап жашагандарын көрүп-билип калышты. Айрыкча айыл жергесинде. Ошонун баарын алар талдап, башынан киришип атышат. Эң негизгиси, алар билим абдан керек экенин түшүнүшсө дейм. Канчалык көп билип, канчалык маалыматты кенен алышса, өздөрү үчүн ошончолук жакшы. Маалыматтарды териштирип өз максатына жумшай алгандар, туюм-сезим менен иш кылгандар алдыга жылат.

Манасты тартабыз деген режиссерлор, Манастын ролун аткарсам деген актерлор болгон. Сизде Манасты тартуу максаты жокпу?
Кошойду тартса болот, Бакайды, Эртөштүктү тартса болот, бирок, Манасты эч ким тарта албайт го…

МаектешкенСалтанат КЫДЫРМАЕВА,
«
Көк асаба» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.