Илгиз АЙТМАТОВ: “Чыңгыз ушул жылдыздын ичинде”

Агам Чыңгыздын 80 жылдыгына, ошондой эле анын өткөн жылы каза болгондугуна байланыштуу мага көп журналисттер кайрылат. Эң кызыктуусу көпчүлүгү Чыңгыздын балалык кезине көбүрөөк кызыгышат. Мен муну түшүнөм, себеби, Чыңгыздын улуу чыгармачылыгы, андагы улуу жетишкендиктери жөнүндө эмнелер айтылып-жазылса, бул 70-жылдарда жарыяланган эмгектерде кенен жазылып-айтылды деп ойлойм. Ошондуктан Чыңгыздын чыгармалары дүйнөнүн эки жүзгө жакын өлкөсүндө жарыяланып, ал дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучу. Чыңгыздын чыгармачылыгы, коомдук ишмердүүлүгү, көз караштары, анын философиясы жөнүндө окумуштуулардын, жазуучулардын, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин, адабиятчылардын жалпыга маалымдоо каражаттарында бир топ эле материалдар жарыяланган. Бирок Чыңгыздын балалык мезгили жөнүндө негедир басма сөздө анчалык көп жазылган жок. Инсандын адам катары, айрыкча чыгармачыл адам катары калыптанышы балалык мезгилинде башталат окшойт. Албетте, мында биринчи кезекте балага гендик жактан ата-энесинен өткөнү маанилүү, экинчи жагынан ата-эненин өзгөчө маани берген тарбиялык иштери таасир этет. Ушул өңүттөн мен биздин ата-энебиз Төрөкул жана Нагиманын өзгөчө ролу жөнүндө буга чейин көп жолу айтылса да, дагы бир жолу кайталап айткым келет.

Менин балалыгымдын 5-6 жашымдан беркиси эсте. Чыңгыз жөнүндө баянымды баштаардан мурда биздин ата-энебиз адам катары, коомдук ишмер катары кандай адамдар болушкандыгын айтып өтөйүн. Атабыз Төрөкул Айтматов 1920-30-жылдарда жаңыдан калыптанып, түптөлүп келаткан биздин республиканын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери болгон. Атабыз 1918-20-жылдарда эле Шекерде комсомолдук активисттерден болуптур.Буга чейин атабыз чоң атабыз Айтмат менен Шекерде гана жашап, иштебестен, революцияга чейин эле Түркистан – Сибирь темир жолундагы Маймак туннелинин курулушуна катышкан. Ошентип Төрөкулдун жашоосу жаш кезинен эле активдүү иштерге аралашып өткөн. Октябрь революциясынан кийинки Шекердеги активдүү комсомолдук кызматкер катары аны Чыгыш элдеринин Орто Азия институтуна Ташкентке окууга жиберишет. Ал жерде Төрөкул бир нече жыл окуп кайтып келет да, 1924-жылы Фрунзеге келип, ВКП (б)Кыргыз обкомунда иштеп баштайт. 1926-27-жылдары Караколго, Каракол -Нарын округуна (кантонуна) жиберилет. Ал жерде иштеп жүрүп болочок апабыз Нагима менен жолугат. Ал мезгилде апабыз да илимдүү кыздардын бири катары гимназияны бүткөн экен. Аялдардын билимдүүлөрү ал убакта аз болгон да. Ал да аялдар арасында активдүү коомдук иштерди жүргүзгөн. Ошентип экөө турмуш курушат. Көп өтпөй атабызды Жалал – Абадга жиберип, ал жакта да обкомдо жетекчи кызматта иштеген. Ал убакта түштүктө жер-суу реформасы татаал шарттарда жүрүп, бул ишке диний- басмачылык каршы чыгуулар аябай тоскоолдук келтирип турган. Элди жаңы турмушка, жаңы коомдук түзүлүшкө үгүттөө бир топ кыйын жүрүп жаткан. Бул жерде чоң тажрыйба керек эле. 1990-жылдардын башында эгемендүүлүккө ээ болгонубузда Жалал- Абадда биздин ата-энебизди тааныган, бирге иштеген адамдар бар экен, ошолордун демилгеси менен шаарда Нагима Айтматова атындагы аллея ачылган.

Атабызды Жалал-Абаддан Ошко которушат. Ал Ошто да жер-суу реформасы боюнча активдүү иштеп, көп күч-кайратын колхоздоштурууга арнаган. Турмуш шарттын өзү ата-энебизди ошондой активдүү иштөөгө, жаңы коомду курууга активдүү катышууга мажбурлаган. Ошто жашап жүргөндөгү бир окуя эсимде. Биздин үйүбүзгө дайыма бир өзбек бала эртең менен келип, “Мама нету, папа нету, курсак пропал, мамашка” деп суранчу. Апабыз же Чыңгызга, же мага колубузга бир тандыр нан берип, “алып барып бер” дечү. Ал убакта ушундай жетим-жесирлер көп эле. Апабыз бизге нан берип жатып көрсө бизде адамдарга кам көрүү сезими калыптансын, тарбиялансын десе керек.

1935-жылы Бишкекке көчүп келдик. Ошондон көп өтпөй эле атабызды Москвадагы идеологиялык кызматкерлерди даярдоочу кызыл профессура институтуна окууга жиберишет. Биз Москвада мейманкана тибиндеги жатаканада, ар кайсы республикалардан бизге окшоп окууга келишкен кызматкерлерге берилчи 2 бөлмөлүү үйдө жашаганбыз.

Биз жашаган ошол жерден көп алыс эмес жерде гезит саткан киоск болоор эле, менин милдетим гезит сатып келүү болчу. Ошентип 5-6 жашымда эле окуп-жазып калгам. Биздин аң-сезимде ошондо эле дүйнөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө маалыматтар бар эле. Мисалы, ошол убакта Испанияда фашисттер менен республикачылардын ортосунда граждандык согуш жүрүп жаткан. Ал согушта тилекке каршы республикачылар СССР жардам бергенине карабастан жеңилип калган. Фашисттерди Франко башкарган эмеспи. Фашизм Италияда да тамыр алып, Германияда гүлдөп калган. Биз фашизмге каршы күрөшкөн башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө сый мамиле жасоого үйрөтүлгөнбүз. Идеологиялык мүнөздөгү “Броненосец Потемкин”, “Биз Кронштаттанбыз”, “Чапаев”, ж.б. кинолор менен чоңойдук. Ата-энелерибиз менен кино актерлордун театрына барып көрчүбүз. Испанияда республикачылар жеңилип калгандан кийин Советтер Союзуна көп испан балдары алынып келинген. Биз жашаган жерде ошол балдар менен жолугушуулар болуп турчу. Жатаканада интернационалдык состав болгон. Улут аралык эч кандай тирешүү болчу эмес. Балдар көп, баарыбыз ынтымакта элек.

Ошентип жашап жүргөн күндөрдүн биринде эле 37-жылы августта биз Таласка Шекерге жөнөп калдык. Буга чейин биз жайкы каникул убагында Москва алдындагы кыштактарга барып, бир адамдын үйүндө жашап, дыйкандардын балдары менен ойноп, алардын жашоо-турмушун көрчүбүз. Карапайым адамдардын ичкен тамак-ашы кандай экендигин көрчүбүз. Ошондо ата-энебиз айтчу “мына, көрдүңөрбү, булар кара нан жеп жашап жатышат. Силер да ошол нандан жеп көргүлө. Эл жеп жаткан нан ушул” деп. Ошол айтылгандар биздин аң-сезимибизге орноп калсын деген экен ата-энелерибиз. Мени Илгиз деп татар ысым менен аташыптыр, кыргызчасы Элгес, башкача айтканда, “Эл кезип жаша” деген мааниде. 37-жылы Москвада төрөлгөн карындашымды, Испанияда граждандык согуш жүрүп жатканда төрөлгөндүктөн Розетта деп аташкан. Бул белгилүү революционер испан кызынын ысмы экен, фашизмге каршы күрөшкөн. Ал эми менден кичүү, Розадан улуу Люция деген карындашымдын ысмы да таржымалдуу. Ал эгиздин түгөйү болучу. Аларга ат койгондо “РЕВОЛЮЦИЯ” деген сөздү эки бөлүп, балага Рево, ал эми кызга Люция деп ат коюшкан. Тилекке каршы бала 1-2 жашында чарчап калган. Чыңгызга ысым бергенде да ата-энебиз сыягы жакшы тилек менен улуу согушкерди эстеп беришсе керек. 70-жылдары Кавказдын бир акыны айткандай, чынында эле Чыңгыз хан дүйнөнү кылыч менен багындырса, агам Чыңгыз дүйнөнү калем менен багынтты. Көрдүңүзбү, биздин ата-энебиз ал турмак бизге ысым ыйгарганга да идеологиялык тарбиянын өңүтүнөн мамиле кылышкан экен.

Ошентип биз кокусунан эле Шекерге жолго чыгып калганда ата-энебиз анын себебин айтышкан жок. Биз болсо каникулда Подмосковьеге баргандай экен деп эч нерседен капарыбыз жок эле. Кийин Таласка келип, белгилүү бир убакыт өткөндө гана иштин жайын билип отурабыз. Биз жети сутка жол жүрүп, түндө Маймакка жеттик. Кичинекей бир үйдүн айнегинде керосин лампа күйүп туруптур. Жүктөрүбүздү өзүбүз эле көтөрүп жүрдүк. Апабыз Розаны көтөрүп, Чыңгыз бир чемоданды, мен бир түйүнчөктү сүйрөп. Үйгө кирсек бир киши бурчта жатат, маспы, кереңби, биздин киргенибизди деле билген жок. Бир бурчуна биз жайгаштык. Эртең менен апабыз бизди эч жакка жылбай отургула деп коюп, өзү бир жакка кетип, анан кайра бир аял менен келип калды. Вокзалдан алыс эмес бир үйгө бардык. Ал биздин тууганбы, таанышпы, билбейбиз. Алар бизди жакшы кабыл алышты. Дасторкон жайылып, өрүк, мейиз, жаңгак, боорсок, нан. Бизге ал жомоктогудай эле сезилди. Көнбөгөн жайдак жерге чөк түшүп отуруп чай ичтик. Бир күндөн кийин эртеси Шекерден бир араба келди да бизди айылга алып кетти.

Шекерде биз атабыздын аталаш иниси Алымкулдун үйүндө жашадык, ал Шекер айыл Советинин төрагасы эле. Бир айдан кийин Алымкул акени алып кетишти. Биз Москвадан Шекерге эмне үчүн келгенибизди ошондо билдик. Москвада болсо ошол учурда атабызды партиядан чыгарыптыр. Алымкулду алып кеткенден кийин анын бир тууганы, участкалык милиционер Өзүбек акени да алып кетишти. Биз айла жок Каракыз апанын үйүнө көчүп бардык. Ал Төрөкулдун карындашы эле. Бизге үйдүн эки бөлмөсүн бошотуп беришти. Ал жерде жашап жүргөндө Төрөкулдун бир тууган иниси, 17 жаштагы Рыскулбек педагогикалык институтта окучу эле, ошол келип калды. Ал биз менен анча-мынча орусча сүйлөшүп, биз жыргап калдык. Каракыз апанын мени менен тең баласы Жапарбек да бар. Бир күнү эртең менен ойгонсок эле Каракыз апа менен биздин апабыз ыйлап отурушат. Көрсө түндө НКВД келип Рыскулбекти алып кетиптир. Рыскулбек ар кайсы жакта түрмөдө жүрүп, кийин Монголиядан биздин апабызга кат жазып, “бул жакта тамак-аш жок, бир пуд буудай же ун берип жиберсеңер” деп сураныптыр. Көп өтпөй эч кимден кабар болбой калды. 37-жылы сентябрда атабызды да камакка алышыптыр. Бизге эч кандай кабар айтышкан жок. Апабыз ар кай жактан сурап жүрдү, бирок эч ким жооп берген жок. Биз болсо социалисттик идеяларга ишенип жашай бердик.

(Уландысы бар)

Жазып алган Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.