Акын Ж. Арыкованын обондуу ырларынын бет ачаары болот

31-июлда саат 12.00до Бишкектеги Токтогул атындагы музейде акын Жыпар Арыкованын обондуу ырларынын жаңы чыккан CD-дискинин бет ачаары болот. Жолугушууга акындын калемдештери, поэзия жана музыка ышкыбоздору катышып, кызыккандар автор менен кеңири пикир алышат.

Жыпар Арыкова – 1990-жылдары пайда болгон жаңы муундагы кыргыз акындарынын өкүлү. Анын ысымы кыргыз поэзия күйөрмандарына кеңири белгилүү. 1997-жылы Табылды Муканов атындагы жаш акындар сыйлыгынын лауреаты болгон. Чыгармалары мезгилдүү басма сөздө такай жарыяланып келатат. Ырларына көптөгөн обончулар обон жараткан. Учурда бейөкмөт уюмда эмгектенет.

Кыргыз маданият борбору

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.