Дилбаяндар сынагы

Урматтуу мекендештер!

“Замандаш-пресс” маалымат агенттиги адабий мазмундагы төмөндөгүдөй темаларга:

– Учурда Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдө эмгектенип, окуп жүргөн кыргызстандык мигранттардын бөтөн эл, бөлөк жердеги жашоо-турмуш жагдайлары тууралуу,

– Түрдүү себептерден улам башка чет өлкөлөрдө отурукташып калган кыргыз этникалык топторунун жашоо-турмушу, үрп-адат, каада-салттары, ийгилик-жетишкендиктери тууралуу жазылган аңгеме, дил баяндарга сынак жарыялайт.

Сынактын шарты: Сиз аңгеме же дилбаяныңызды орус же кыргыз тилинде жазып, компьютерден Microsoft Word программасы аркылуу терип, электрондук почта аркылуу салып жиберишиңиз керек. Макала көлөмү 12-шрифт менен 3 беттен ашпоосу зарыл. Андан ашса каралбайт.

Сынак ар квартал сайын каралат. Жыл аягында жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр жана  сыйлыктар аныкталат.

Мүмкүнчүлүк болсо фотосүрөттөрү кошо салынсын.

Биздин дарек: zpress@rambler.ru, muhammed-ali.88@mail.ru

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.