Талант тагдыры: Устатынан өткөн ырчы Кылычбек

Улуттук филармониянын “Эл шайырлары” тобунун таанымал ырчысы Кылычбек Бекишов элдик салттуу ырларды, Мусанын, Атайдын, Асек Жумабаевдин ырларын чеберчилик менен ырдап, элге таанылды.

2002-жыл. Июль айынын аягы. Таластын, Манас-Ордо» комплекси. Залкар шайырлар Шекербек Шеркулов менен Муса Баетовдун туулган күндөрүнүн 1900 жылдыгына арналган Кыргыз Улуттук телерадиосун уюштурган «Талас таңшыйт» телефестивалы өтүп жатты. Ага республиканын булуң-бурчтарынан келишкен ар кандай курактагы, түрдүү кесиптеги шайырлар биринен сала бири сахнага чыгып Шекербек менен Мусанын чыгармаларын туртуулап жатышты.

Кезек да Кыргыз Улуттук филармониясынын Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун 30 жаштагы ырчысы Кылычбек Бекишовго да келип жетти. Ал кыргыз калкынын жан дүйнөсүнө сиңген Мусса Баетовдун аваздык көркөм боектеорго бай өлбөс-өчпөс махабатты даңктаган мукамдуу обондуу ырларын биринен сала бирин аткарып, угуучулардын урматтоолоруна ээ болуп жатты.

Буга чейин калың угуучулардын арасына ысымы анча белгисиз Кылычбек Мусанын ар бир ырынын обондорунун боекторун, ырдоо ыкмаларын өчүрбөй, автор кандай чеберчиликте аткарып кетсе дал ошондой мукамдуулукта аткарып, угуучуларга ырахат тартуулап жатты.

Фестивалдын соңунда ырчы Бекишовго калыстар тобу Баетовдун ырларын мыкты аткаргандыгы үчүн баш байгени ыйгарышат. Ошол күндөн тартып Кылычбектин бактысы ыр дүйнөсүнөн ачылат. Ал эми ырдоонун босогосун кимдин ырын аткарып аттаганы жөнүндө Кылычбек мындай дейт:

Мен ыр дүйнөсүнө келгенге чейинкөптөгөн ырларды угуп, кулагыма, жан- дүйнөмө сиңирип жүргөмүн. Бирок тушоомду кескен ырчы, обончу, абабыз Совет Калыгуловдун «Ала-Тоо» аттуу ыры болду. Ал кезде мектепте 5-класста окуп жүргөндө сахнага «Ала-Тоо» деген ырды ырдап чыктым. Ошентип ошол ыр менен тушоом кесилген эле. Азыр аткарып берейин.

Асманга тийген төбөсү,
Ала-Тоо кыргыз элеси
Чолпонбай, Кубат эрлерди
Чоңойтуп таптап
Өстүргөн жер өзү.

Аркада сылап чачтарын
Асмандап ак кайың,
Карачы курбум белегин
Каарчы курбум
Ак карлуу тоонун баш жагын.

– Ырахмат, мына тушооң кесилген ырды уктук. Андан кийинки тагдырың кандай болду? Ошол жөнүндө маалымат бере кетсең?

– Алгачкы ырды сахнага ырдап чыккандан кийин обончулардын, ырчылардын ырларын угуп таасирленип жүрдүм. Орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык эстрадалык студияга тапшырдым. Студиядан кыргыз эллине аттын кашкасындай таанымал Муса атабыздын шакирти, эл артисти Асек Жумабаевден таалим алдым. Ошондо мага биринчи жолу Муса атабыз «Даанышман», «Сагынам», «Бир башына», «Тең болсом», «Жароокер» деген ырларын Мусакемдин өзүндөй аткаргың,- деп айтып үйрөткөн эле. Азыр Муса атабыздын «Бир башыңа тең болсом» деген ырын аткарып берейин:

Бир башыңа тең болсом

Сөзү Кубанычбек Маликовдуку,
обону Мусса Баетовдуку

Ак марал болсо айтканым,
Асылкеч болсо тапканым,
Өзүңө көөңүм эң кызык
Өзгөчө мен да башкамын
Отуздан ашсам мейличи
Оолуксам он беш жаштамын.

Көк тулпар болсо мингемин
Кол чатыр болсо киргемин
Кучагым жайып кубанып
Кумар көз болсо сүйгөнүм
Арзыган сизге мен үчүн
Артыгы ушул дүйнөнүн
Жаманга колум артканча
Жакшыга жакшы күйгөнүм.

Кылычбектин кесиптеши белгилүү ырчы Анапия Райымбекова:
– Кылычбекти өзүм угуп жүргөнөй аткаруучулук чеберчилиги комуздун коштоосунда эң мыкты классикалык ырларды ырдап жүрөт. Мага Кылычбектин аткарган ырлары абдан жагат. Чыгармаларды өтө жогорку чеберчиликте аткарат. Кылычбекти эл баалап, эл жакшы көрөт. Бир топ жылдан бери Кылычбек менен бир топто бирге эмгектенип келе жатабыз. Кылычбек Жыпар Чабалдаев, Дүйшөнбек Үкүев агайларыбыздай ырдайт. Өтө таланттуу жигит.

Кылычбек кайрадан сөз алып, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө кебин улантты :

– «Эл шайырлар» тобунун жетекчиси Замирбек Үсөнбаев айтып калат, биз да көрүп калдык Асек агай сахнага чыкканда бир бөлөк, ырдабай жүргөндө бир бөлөк жүрчү эле. Ал эми сахнага чыкканда угуучуларды дароо өзүнө тарткан кереметтүү күчү бар эле. Агай сахнага чыкканда элдин баары дуулдап шаңга батчу. Ошондой эле ырчы, обончу Төлөш Турдалиевди да айтып жүрүшөт, ошондой керемети бар эле деп. Ал эми алардан кийинки урпактары биз да алардай ырдап угуучуларды сүйүктүү шайырларынын болууга аракеттенип жүрөбүз. Бирок азыркы угуучуларды өзүңө тартыш өтө кыйын, ырас, өзүбүздүн да угуучуларыбыз бар.

– Сахнада угуучулардын алдында ырдап жатканда өзүңдү кандай сезесиң?

– Чынында сахна ыйык. Ошондуктан өзүм толкунданам. Ырдап жаткан ырым мекенге, жерге, элге аоналса ошонун айланасында берилип, эргип ырдоого аракеттенем.

– Кылычбек мырза, залкар ырчы, обончу Асек Жумабаев биринчи устатың болуптур. Андан кийинки устатың ким?

– Жогоруда айткандай студияга киргенде Асек Жумабаевден таалим алдым. Ал киши ардактуу эс алууга чыгып кетти. Кийин жаматта бирге иштешип жүргөн ырчы Жапар Чабалдаевдин шакирти Дүйшөнбек Үкүевден таалим алып устатым болуп калды. Аларды аткарып жүргөн менин өкүнүчүм Жапар Чабалдаевди көрбөй калдым. Бирок Жапар агайдын өнөрү Дүйшөнбек агайда бар экен.

Ырахмат Кылычбек. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Балбай Алагушев, «Азаттык», 03.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.