“Радиомост” үналгысы ыр кесе өткөрдү

Таластын жааматтык “Радиомост” үналгысы июль айынан баштап “Айыл таланттары” радиопрограммасын бере баштаган. Үналгынын кабарлары өрөөндүн айылдарын кыдырып, таланттуу адамдардын өнөрлөрүн жаздырып радиодон уктуруп турушкан.

Элет жеринде өнөрлүү адамдардын көптүгү байкалгандан кийин, ошондой адамдардын башын бириктирип, “Ыр кесе” өткөрүү идеясы келип чыккан. Элдик таланттарды таанытуу максатында “Радиомост” радиосу 26-июль күнү “Ыр кесе” өткөрдү. “Ыр кеседе” элдик күүлөр чертилип, элдик ырлар ырдалып, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды, бийлер бийленди. Эң кызыгы элдик таланттардын арасынан алым-сабак ырдагандар болушту. Таланттуу адамдарга, демөөр катары “Радиомост” тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындай иш-чаралар келерки жылы да өткөрүлмөкчү.

“Талас Турмушу” гезити

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.