«Айыл таланттары» уктуруусу «Радиомост» үналгысынан старт алды

18-июлдан баштап Таластын угаармандарына уктурууларын 100.5 диапазонунда берип келген «Радиомост» үналгысында «Элдик кабарчы» долбоорунун алкагында «Айыл таланттары» аттуу жаңы берүү старт алды.

Алгач Талас районунун Ак-Сай айылы менен Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылдарынын таланттары жөнүндө берүү болду. Ар бир уктуруунун аягында мыкты таланттарга ардак грамоталар тапшырылат. Бул уктуруунун негизги максаты элет жеринде жашаган таланттуу адамдардын чыгармаларын жалпы журтка алып чыгууда болуп саналат. «Радиомост» үналгысынын жетекчиси Гүлмира Осмонованын билдирүүсүндө, буйруса бул берүүнүн артынан Таластын эли өздөрүнүн арасындагы жалпы журтка таанылбаган таланттуу адамдарды билип калаарын белгиледи.

Айта кетчүү нерсе, мында музыкалык аспаптарда мыкты ойного, мукамдуу ырдаган, башкалардан бир өнөрү менен өзгөчөлөнгөн сыяктуу критерийлер эске алынмакчы.

Сыргак Раимканов, «Talasnews.KG», 22.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.