“Миң кыял” аттуу көргөзмө өтүүдө

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нурканыш Асанованын “Миң кыял” аттуу көргөзмөсү өтүүдө.

Экспозиция сүрөтчү, чебер Нурканыш Асанованын 70 жылдык мааракесине жана чыгармачылыгынын 40 жылдыгына карата уюштурулган. Көргөзмөдө чийден жана кийизден жасалган иштер, ошондой эле графика жана живопис стилинде тартылган 50 сүрөт коюлган.

Нурканыш Асанованын айтуусунда анын жүрөгүнө элдик көркөм өнөр жакын болгондуктан, эмгектеринде сөзсүз кыргыз элинин илгертеден келе жаткан оюм-чийимдерин түшүрөт .

– Кыргыздын турмушунда жолуга турган жасалгалардын баарысы Манастан мурда эле бар болчу. Аны ушул убакытка жеткирген биздин чоң энелерибиз. Мен да алардын жолун жолдоп, кыргыздын оюм-чийимдерин изилдеп, аркалап келем.

Нурканыш Асанова алгачкы көргөзмөсүн 1969-жылы уюштурган. Андан бери көптөгөн эмгектерди жаратып, иштерин бир эле кыргыз көрүүчүлөрү эмес, чет элдик көркөм өнөр сүйүүчүлөрүнүн да сынына койгон.

Кыргызстандагы сүрөтчү аялдар коомунун жетекчиси Орозкан Мамбеталиева Нурканыш Асанова бүт үй-бүлөсү менен көркөм өнөрдү аркалаарын айтып, анын чыгармачылыгына токтолду.

Жолдошу Асанбек Турумбеков деген да сүрөтчү болгон. Ошондой эле балдары, келинине чейин сүрөтчү. Анан ошолордун арасында жүрүп эле эже абдан такшалды.

Нурканыш Асанованын чыгармачылыгындагы негизги өзгөчөлүк эмгектерин кыргыз күүлөрү менен айкалыштыргандыгында. Тактап айтканда анын эмгектеринин арасында “Миң кыял”, “Кер өзөн” деген кыргыз күүлөрүнүн негизинде жасалган иштер бар.

Көркөм өнөр ишмери Гульчахра Токтосунованын баамында Нурканыш Асанова көркөм өнөрдүн жаңы багыттарын мыкты өздөштүргөн сүрөтчү, чебер.

Биз көркөм өнөр ишмерлери Нурканыш Асанованы жаңы учурдун элдик чебери деп билебиз. Ал эмгектеринде салттык өнөрдү да колдонуп, аны менен бирге заманбап стилди да айкалыштыра билет. Мисалы анын сайма сайылган туш кийиздерин кеңседе да колдоно берсе болот.

Нурканыш Асанованын эмгектеринен турган көргөзмө 1-сентябрга чейин созулат.

Айжан Шаботоева, «Азаттык», 20.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.