“Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы сандары жарык көрдү

Кыргызстанда “Жаңы Ала-Тоо” журналынын жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугунун бир жылдыгына арналган кезектеги эки саны (№4, №5) жарык көрдү.

Журналдын бул санында улуу жазуучунун “Тоолор кулаганда” романынын уландысы, айтматовчу, КР УИАнын академиги А.Абдылдажановдун жазуучуну эскерүү ырлар сериялы, дүйнөлүк адабияттан А.Солженицындын, чыгаан котормочу С.Бектурсуновдун быйылкы 100-жылдыгына карата орус элинин улуу жазуучусу Л.Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынан, айтылуу “Миң бир түндүн”, Ф.Годжанын жаңы котормолорунан, атактуу театр режиссеру маркум Ж.Абдыкадыровдун жарыялана элек ырларынан жана башка жаңы чыгармалар жарык көрдү.

Алсак, соңку кыргыз жаңы романдарынан К. Өгөбайдын “Баласагын”, акындар Ф.Абдалованын, З.Иманалиевдин, республиканын Жазуучулар Союзунун быйылкы 75-жылдыгына байланыштуу кино ардагери Ш.Апыловдун архивдик материалдары, адабиятчы Т. Өмүрбековдун “Ажолор жана мезгил”, журналист М.Тентимишевдин атактуу аалымыбыз М.Барскани-Кашгариге байланыштуу макаласы менен журналдын жаңы санынан таанышууга болот.

Эске сала кетсек, мурдагы “Ала-Тоо” журналынын сапарын улантуу максатында үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып “Жаңы Ала-Тоо” журналы жарык көрө баштаган.

“Кабар” МА, 01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.