Б. Шамшиев “Жаңгак токоюндагы сөлөкөттөр” тасмасын тартууда

СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болотбек Шамшиев “Жаңгак токоюндагы сөлөкөттөр” жаңы тасмасынын 50 пайызын тартып бүттү. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине республиканын Кинематография департаментинен билдиришти.

Алардын айтымында, мекеменин жетекчиси Абибилла Пазылов Арсланбапка барып, тартуучу топтун мүчөлөрү менен жолугушкан.

“Биздин кинематографисттердин ой-максаты акыркы натыйжаларга багытталган. Аларды режисердун идеясы кызыктырып, тасманын каармандарынын тагдыры түйшөлтүүдө. Ошентип алар күн-түн дебей катуу иштөөдө”-деди ал.А.Пазылов белгилегендей, жергиликтүү бийлик тартуучу топко колдон келген жардамын берүүдө.

М.Рыскелдиева, “Кабар” МА, 07.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.