Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз жана казак элдеринин достугу тууралуу фильм тартууга ниеттенүүдө

КР Коопсуздук Кеңешинин аппаратынан билдиришкендей, Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров 6 – октябрь күнү Казакстандын Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Б.Исабаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз – казак мамилелери жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Бир тууган элдердин тарыхый жана маданий жалпылыгынын тамыры белгиленди. Мындан тышкары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун уюмуна мүчө мамлекеттердин “Өз ара аракеттенүү – 2009”  деп аталган Казакстанда өтүүчү аскердик машыгууларына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары Казакстан республикасынын элчилиги кыргыз жана казак элдеринин достугу тууралуу документальдуу фильм тартуу долбоору жөнүндө маалымат берди.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 07.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.