Бүгүн Бишкекте көчө театрларынын эл аралык фестивалы башталат
Анын алкагында Ала-тоо аянтында Борбор Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө менен бирге мастер класстар уюштурулат. «Место Д…» театр-клубдун директору Александра Багдасарованын айтымында фестиваль «Шаардагы орун» («Место в городе») деп аталып «Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап» аттуу ураан астында өтөт.
Сахналар борбордун «Курманжан датка», Уркуя Салиева эстелигинин алдында, эски аянтта, Ала-Тоо борбордук аянтта, Панфилов атындагы сейил багында, Держинский бульварында, ЦУМдун астында уюштурулат.
Фестивалда «Мо Нумент», «Чула-Чун айылы», «Профессорлор», «Салам, сенин атың ким?», «Бактылуу бололу» жана башка спектаклдар коюлат. Ага Кыргызстандын театралдык жана музыкалык коллективдери, цирк артистери, каскадерлор катышат.
М.Момуналиева, «Кабар» МА, 14.10.2009-ж.