Аалы Туткучев: “Эми мен шылдырак кагып ырдайм”

Бир топ жыл мурун Эстебес Турсуналиев атабыз, “Эл ырчысы Эстебес” атындагы фольклордук топту түзүп, өзү жетектеген эле. Андан кийин топту Тууганбай Абдиев колго алган соң, өзүнүн шакирти төкмө акын Аалы Туткучевге дайындаган экен. Учурда Аалы мырза өз ишин мыкты аткарып, ал топту жетектеп келет. Анда Аалы менен болгон маекке көз жүгүртүңүз.

Аалы, сиз жетектеп келаткан “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунда канча адам эмгектенет?
Убагында бул топто Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев, Токтобүбү Черикчиева, Амантай Кутманалиев, Рая Турсуналиева өңдүү таланттар иштеп кетишсе, учурда Малик Аликеев, Нуржамал Таабалдиева, Гүлгаакы Сагындыкова, Таалай Иманкулов жаш ырчылар: Алтынбек Каленов, Турдукан Сарбанова жана өзүм менен жети адам иштейбиз.

Улуу адамдарга жетекчи болгон кыйын эмес бекен?
Бизде башкаруу деген жок. Топтогу ырчылардын баардыгы профессионал, билимдүү, акылдуу адамдар. Башкарттырбай эле өздөрүнүн иштерин жасашат. Мага жетекчиликти Тууганбай Абдиев тапшырган. Тактап айтканда, Эстекемден кийин топту Тууганбай атабыз жетектеп, кийин а киши ооруп калган кезинде “Менин ишенгеним ушул жигит. Башка бирөөлөр келсе бул топ чачылып кетеби, ким билет?.. Аалы болсо ушул жерде иштеп жүрөт. Анын үстүнө буга чейин топтун жетекчиси акындар болуп келген. Бул балага табыштайын. Иштегенге күчү бар, арак ичпей, тамеки чекпегенден кийин башкаларга да сөзү өтөт”деп, каза болоордун алдында өзү жетекчиликке келип кайрылып, мени дайындап кеткен болчу.

А сиз мындай жоопкерчиликти моюнга алуудан корккон жоксузбу?
Кантип коркпой коёсуң. Коркуп, “Мен жетекчи болбой эле коёюн. Иштей албайт экенмин. Улуу адамдарга катуу сөз айталбайт да, андай сөздү көтөрө албайт да экенмин”деп жетекчиликке канча жолу кирдим. Бирок, буйрук экен иш алып барууга өтүп, эми минтип, кесиптештерим менен көнүшүп калдык.

Былтыр элдин эсинен кеткис жандуу концерт тартууладыңыздар эле. Быйыл да “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концертин көрө алабызбы?
Кудай буюрса, топтун отчёттук концертин 29-январга пландаштырып жатабыз. Концертте таптакыр эстрада ырдалбайт. Жаңылыктар көп болот. Мисалы, бир кезде Нуржамал Таабалдиеваны, Мыскал Өмүркановага окшоштуруп, “Мыскалдын бүгүнкүсү, Мыскал өлбөптүр” дешип, ал ырчынын комуз чертип ырдаган үнүн угуп келген болсок, эжекебиз мында тай туяк кагып ырдайт. Ошондой эле буга чейин дайыма комуз менен жамактап ырдап келген мени, ал концертте шылдырак кагып, ырдаганымды көрөсүңөр. Биздин концерттин программасы жети жаштан жетимиш жашка чейинки көрөрмандарга ылайыкталган. Улуу муундарга акындардын, комуздун коштоосундагы, Рыспай Абдыкадыровдун ырларын дал өзүндөй кылып ырдаган Таалай Иманкуловдун аккордеон менен ырдаган ырлары тартууланса, атайын жаштар үчүн кыргыздын улуттук аспаптарын чертип, бийлете турган шаңдуу ырларды хор менен ырдап чыгабыз.

Эмне себептен концертти эки-үч күнгө койгон жоксуздар?
Андай кылып койсок деле болот. Бирок, биздин максат концерт коюп акча табуу эмес. Мамлекеттик Филармонияда иштеп жаткандыктан элге отчёт берип, бизди сагынган күйөрмандарга жаштардын үнү менен эски, элдик ырларды жандуу угузалы дедик. Билеттин баасы да башка концерттерге салыштырмалуу ап-арзан коюлуп жатат.

Балким, эл суранса узартат чыгаарсыңар?
Чынында Филармонияга көп кишилер телефон чалышып, “Айылдан ата-энелерибиз, туугандарыбыз келди эле. Концертке алып баралы десек, аларга ылайыктуу концерттер жок экен. Сиздерде кандай концерттер болот?”деген сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Чын эле карап көрсөк, эстраданын коштоосундагы ырлардан башка жакшы концерттер жок. Анан атайын биз ушундай программадагы жандуу концертти уюштурганга аракет кылуудабыз. Менимче, бир күн жетиштүү го деп ойлойм.

Бойдок кезге караганда үй-бүлөлүү болгондо ишке болгон убакыт чектелип калат эмеспи. Өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз, топту жетектөө анан да үй-бүлө дегендей. Мунун баарына кантип жетишип жатасыз?
Эгерде мен өзүм кетмен чаап иштеген дыйкан болуп, анан ырчыларды жетектесем анда башкача болмок. Өзүм да чыгармачыл адам болгондон кийин кыйынчылык деле болгон жок. Тескерисинче ишим менен чыгармачылыгым бири-бирин толуктап турат. Сен жакшы болсоң, кесиптештериң жакшы, кесиптештериң жакшы болсо, сен жакшысың дегендей, азыр кудайга шүгүр, баарына жетишип жатам. Ал эми үй-бүлөнүн өз орду бар. Мен Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кыргыз калкыма кызмат кылам. А жеңең болсо мага жардамчы, көмөкчү. Кыскасы, мен өзүмө жардамчы таптым.

Акыл Карачач, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.