Жаш акын, жузуучулардын «Саамалык — 9» адабий жыйнагы жарыкка чыгат

Жакында интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун колдоосу астында жаш акындардын жана жузуучулардын «Саамалык — 9» деп аталган адабий жыйнагы басылып чыгат. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма-сөз кызматы билдирди. Жыйнакта 50дөн ашуун жаш авторлордун ырлары жана аңгемелери бар.

«Саамалык» бүтүндөй Кыргызстан боюнча таланттуу жаш жазуучулардын жана акындардын адабий чыгармаларын камтыйт. Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду шыктуу акындар менен прозачыларга колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын «Саамалык» адабий альманахын чыгарып турат. Бул көптөгөн авторлордун мындан аркы чыгармачылык өсүшү үчүн жакшы өбөлгө болуп эсептелет.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 06.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.