“Талант тагдыры”: Молдобасан – манасчы, дастанчы

7F9FF609-541E-4A39-BC97-8764B800A07A_mw800_mh600“Талант тагдыры” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ар тараптуу шыктагы шайыр Молдобасан Мусулманкуловдун манасчылык, дастанчылык чыгармачылыгына арналды.

Молдобасан Мусулманкулов созолонто обон созуп ырдоо, таңшыта комуз чертүү, боздото баян-кыяк тартуу менен бирге күпүлдөтө “Манасты”, мунканта дастандарды, жомокторду жобурата айткан жомокчу да болгон. Ал мен манасчымын деп “Манас” айткандардын ичинен комузда баянда ойногон, ырдаган күү черткен, көзгө басар шайырдан эле.

1922-жылы оозеки адабияттын кооз үлгүлөрүн жыйноочу фольклорист Каюм Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловго Ак-Талаадан жолугуп, андан “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Жаңыл Мырза” дастандарын жана көптөгөн элдик чыгармачылыктын кооз үлгүлөрүн жазып алат.

Мифтаков Молдобасандын аткаруучулук чеберчилигине: “Молдобасандын үнү жакшы, мукамдуу, комуз менен кыякка (баянга) ойноо жагынан кыргыздардын ичинде биринчи киши саналышы мүмкүн. Кыргызда ар түрдүү акындар көп болсо да добушу (үнү) жакшы акындар аз. Мен көргөндөн Молдобасанга теңдеше алчу бир гана киши бар. Ал – Таласта жайылган деген жерде жашаган Алымкул Үсөнбай уулу” деген баасын берген.

Тилекке каршы, Молдобасандын айтуусунда бир дагы дастандан үзүндү тасмага жазылбай калган. Ошондой болсо да кагаз бетине жазылып калган дастандардын үзүндүлөрүн ак таңдай акындар айтышкан.

1928-жылы Молдобасандын айтуусундагы “Курманбек” дастаны кыргыз элинин кенже дастандарынын тарыхында биринчи жолу латын алфавитинде өзүнчө китеп болуп чыгат. Ал калың калк арасына тарайт. Төкмө акындар, дастанчылар болсо “Курманбектин” үзүндүлөрүн айта баштайт. Молдобасандын айтуусундагы “Курманбек” дастаны Калык Акиевдин айтканынан көркөмдүүлүгү, согуштук эпизоддорду сүрөттөө жагынан аттын кашкасындай айырмаланган.

Молдобасандын айтуусундагы “Жаңыл Мырза” да Тоголок Молдонун
(Байымбет Абдырахмановдун), Абдыкалык Чоробаевдин, Ыбырайым Абдырахмановдун айтышкан варианттарына салыштырганда байыркы турмуштун түрлөрү, этикалык салыштыруулук кеңири баяндалган. Ошондой эле дастанда элди, жерди көркөм сүрөттөө, лирикалык чегинүүлөр өтө күчтүү өнүккөн.

Мусулманкулов айткан “Жаңыл Мырза” дастаны автордун 1983-жылы “Кыргызстан” басмасынан чыккан ырлар жыйнагына басылып чыгат.

1944-жылы Молдобасандан Кыргыз Илимдер академиясынын кол жазмалар корунун кызматкерлери “Манас” трилогиясынын үч бөлүгүн 203 миң сап ыр жазып алышат. Адабиятчылардын иликтөөлөрүнө караганда Молдобасандын айткан “Манасы” Сагынбай Орозбаковдун айткан “Манасы” менен окуяларынын сүрөттөлүшү жагынан тектешет экен. Академик Жамин Акималиев эскерүүлөрү менен мындайча бөлүштү:

“Азаттык”: Жамин мырза, “Манас” айтуучулук чеберчилигинен билсең угармандарга айта кетсең?

– “Башканы коюп, “Манасты” айт” дегендей мен Молдобасан атанын дастанчылыгын эмес “Манас” айтуучулугунан айта кетейин. Молдокем манасчылардын ичинен Саякбай Каралаевди эч бир манасчыга теңечү эмес. Менин оюмча “Манасты” көркөмдөтүп айтуу чеберчилиги, классикалык түрдө артистизмдүүлүгү жагынан Молдобасан атадай манасчы жок, мен “Манас” айтканын үйүнөн уктум. Ал обону менен окуялардын өнүгүшүн өңү-түсү менен айкалыштырып ушунчалык берилип, өткөрө эргип айтуучу. Ал айтып жатканда ар бир окуянын ичине сүңгүп кирип кетүүчү. Маселен Саякбай Каралаев “Манасты” айтып жатканда эмоцияга өткөрө берилип, ымдоо-жандоолорун айкалыштырып айтса, Молдобасан ата өтө сыпаа, салмактуу, маданияттуу айтуучу.

Бир сөз менен айтканда Молдобасан ага айтып жатканда лирикалык ырды угуп жаткандай сезчүбүз. Ал айткан “Манастын” обонунда укмуштуудай мукамдуу кайрыктары бар эле. Азыркы учурда “Манас” айтуучулар көбөйүп кетти. Мен ага каршы эмесмин. Бирок азыркы “Манас” айтуучулар “жылдыздардай” эле көбөйүп баратат. Бирок “Манас” айтат десе эле жаш балдары деле, орто муундагылары деле, обонсуз эле жинденип, өкүрүп-бакырып, арак ичип алгандай эле чамынып айтып жаткандарына таң калам. “Манасты” айтсаң окуяларга түшүнүп өз обондору менен айтыш керек. Молдобасан атанын үйүнөн Саякбай атанын төрдө отуруп айтса али заматта босогого чейин жетип айтчу, “Манас” качан гана Саякбай, Молдобасандай айткандай чеберчиликте айтканда гана элге жетет. Мен Молдобасан атадай манасчыны көргөн жокмун.

“Азаттык”: Төгөрөгү төп келген залкар шайыр Молдобасан атабыздын арабыздан о, дүйнөгө сапар алганына эмдиги жылы элүү жыл толот. Сөөгү кайда коюлду эле? Ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн туулуп өскөн айылынан, ордо калаанын көчөлөрүнө ысымы берилгенби? Ушулар жана башка жактарын эскере кетсең?

– Молдобасан атанын эмгеги кыргыз элине аябай зор, баа жеткис, төө көтөргүс. Бирок өзүнүн алынып жулунбаган ток пейилдиги, жөнөкөйлүгү, ыймандуулугу өзүнө терс таасирин тийгизди деп ойлойм. Атабыз өзү жөнүндө айтканды, өзү жөнүндө жазганды жаман көрчү. Молдокем байбичеси экөө тең о, дүйнөгө “Калый, Калый” деп жүрүп кетишти.

Молдокемдин үйүндө он жылча жүрүп калдым. Ал кезде Калый аке Москвадагы П. Чайковский атындагы консерваторияда окучу. Молдобасан ата анча-мынча акчасы болсо эле улуу Калыйга почта аркылуу салып турчу. Кээде мен да почтага барып жөнөтчүмүн. Ошентип Калый кудай берген талантты атасынын жардамы менен өсүп-өндү. Бир сөз менен айтканда Молдобасан ата өзгөчө киши эле.

Молдокем 1961-жылдын 16-июнунда кайтыш болгондо мен шаарда элем. Күн түн дебей чуркап кызмат кылдым. Сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду. Топурак салдым. Азыр да коюлган жерин билем. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен көрүнө эстелик коюлбай калды. Ошентип, артында эстелик коюлбады. Бул өтө кечиримсиз кемчилик. Бирок көрүп таап туруп, азыр да эстелик койсо кеч эмес.

Ал эми өзү төрөлгөн, өсүп-өнгөн айылы Терекке Молдобасан деген атты берсе болот. Ырас, Терек деген жакшы сөз. Бирок Молдобасан деген ысым Терек дегенден алда канча жакшы ат. Учурунда чуркап жүрүп Ак-Талаа районунун борбору Дөрбөлжүнгө М.Баетовдун атын бердик. Ошондой эле Молдобасандын атын чоң жерге койсок болмок. Эмне үчүн көзү өткөнгө чейин иштеп, жашаган ордо-калаадагы бир көчөгө Молдобасан көчөсү деп бербейбиз. Берсек не бир укмуш болмок. Көзү өтүп кеткен адамга эч нерсенин кереги жок. Бизге, келечектин жаш муундарына керек.

Молдобасан атадай алп шайыр бир кылымда бир жаралат. Ошондуктан тартынбай эле ордо калаанын, Ак-Талаа районунун борборундагы чоң көчөгө Терек айылын Молдобасан деп койсок жакшы болмок. Муну азыр да колго алсак болот.

“Азаттык”: Кыргыздарда “Көрдөгүнү кеп кылсаң, тирилгенге, ооруганды кеп кылсаң айыкканга тете” дейт. Ансыңарындай ар тараптуу алп шайыр Молдобасанды ар дайым эстеп, ар дайым эскерип, эмгектерин жарыкка чыгарып, ысымын түбөлүккө калтырсак, кайра тирилгендей, кыргыз эли менен жашап жаткандай болот эле.

Балбай Алагушов, «Азаттык», 18.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.