Бир ырдын тарыхы

Майра Керим кызынын жолдошуна арнаган ыры
Казак элинин таланттуу кызы Майра Керим кызы бала кезинде кыргыздын чыгаан жигитине турмушка чыгам деп оюна да келбесе керек. Маңдайына жазылганы ушул экен, биринчи никесинен бактылуу боло албаган Майра эжеке, 1988-жылы Ысык-Көлгө келин болуп Канат агай менен баш кошот. Анда Майра айым жыйырма жети жашта болгон. Кагаз чиймелеп ыр жазып жүргөн Майра Керим кызы ошондо жолдошу Канатка арнап, “Кыз кезде көксөгөндү, Кыргыздан жолуктурдум”деп “Жар керек”деген ырдын сөзүн жазган эле.

Жолдошу Канат агай, “Майра мага арнап көп ырларды жазчу. Бул ыр мага арналбаганда кимге арналмак эле. Анын ар бир ыры менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алат”деп эскерет. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендей, Майра эже жыйырма сегиз жашында бул ырга обон жаратып, эл алдына ырдап чыккан. Андан бери канчалаган суулар акты. Майра эжекебиздин ыры, өчпөс таланты элдин эсинде сакталып, ак таңдайлардын тарыхында жазылып кала берди. Аталган ыр азыркы күндө да популярдуулугун жоготпой, комуздун да коштоосунда ырдалып, эстрададагы вариантын ырчы Тахмина Казиева да аткарып жүрөт.

Жар керек
Сөзүнүн, обонунун автору: Майра Керим кызы
Мага жар керек,
Өзөктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал болсо,
Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек,
От болуп жалындаган,
Сөз айтсам таарынбаган.
Жагымсыз адаттардын,
Артынан салынбаган.

Мага жар керек,
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил ушактардан.

Мага жар керек,
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген.
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек,
Деп көңүл ооруп турду.
Купулум толуптурмун.
Кыз кезде көксөгөндү,
Кыргыздан жолуктурдум.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.