Кеп казына

Азыркы замандаш акын-жазуучулардын, тарыхчы-илимпоздордун, саясатчылардын, ишкерлердин, журналисттердин, сүрөтчүлөрдүн, кино, театр, эстрада артисттеринин көркөм сөз, жөнөкөй жатык тил менен айткан маанилүү, таасирдүү, пайдалуу кептери камтылган.

* * *
Бул дүйнөдө эң кыйын нерсе – адамдын өзүн өзү жеңиши. Өзүн өзү жеңген адамдар өтө аз. (Кубатбек Жусубалиев)

* * *
Жакшы менен жаманды, жарык менен караңгыны ажырата албаган адамдар гана өзүнө өзү кол салууга барат. Жакшы – бул турмуш. Жаман – бул өлүм деген ушул (Кубатбек Жусубалиев)

* * *
Угуу, көрүү, туюу, жыт сезүү сезимдери жакшы сакталган, дени карды соо, турмуш тиричилиги тың болсо деле жашоодон көңүлү калгандар же бул дүйнөгө эмне үчүн келгенин билбей өткөндөр көп. (Жолдош Турдубаев)

* * *
Көр тирликтин чаң-тозоңуна көмүлүп, утурумдук азгырыкка, кур дымакка, байлык, бийлик кумарына жеңдирип отуруп, адамдардын көпчүлүгүнүн көкүрөгү сокур, дили керең, боору таш, тили супсак тартып калат окшойт. (Жолдош Турдубаев)

* * *
Биздин эсте идея эң башкы орунда турат. Капитал жөн гана жардам берүүчү каражат. Кардарларыңа жоопкерчиликтүү мамиле кылсаң, каражат өзүнөн өзү табылат. (Эмил Үмөталиев)

* * *
Адамды адам кылган адамдык улуу касиеттер. (Алым Токтомушев)

* * *
Түшүнүп алып, түшүнүксүз кишилерди кечиресиң. (Жолдошбек Зарлыкбеков)

* * *
Өнүгүү менен үнөмчүлүктүн бекем байланышы бар экенин өз эмгектери жана өмүр таржымалы менен далилдеп кеткен көсөмдөр көп. (Нуржигит Кадырбеков)

* * *
Кыргыз болуп туруп кыргыздын Руху дүйнөсүн жок дегенде учу-кунусуз калу мүмкүн эмес. А эгер мүмкүн болсо андай адамдын аты кыргыз, заты – маңкурт. (Салтанат Кыдырмаева)

* * *
Философия – дүйнөнүн негизги фундаменти. Ал – тээ түпкүрдөн тартып кең ааламга чейин кулачын жайган улуу илим. (Аскар Салымбеков)

* * *
Адамдын ою да антенна сыяктуу. Жаман ойлордун артынан чоң жамандык келет. Жакшы ойлордун артынан күтүлбөгөн жакшылык жакшылыкка уланат. (Каныбек Темиров)

* * *
Адам жөнөкөйлүктөн эч качан чарчабайт. Адам жасалмалуулуктан чарчайт. (Тынара Абдразаева)

* * *
Музыка адамзаттын рухий байлыгын угуу сезими аркылуу тарбиялаган адамдын мүнөзүнө зор таасир этүүчү ачкыч Ошол эле мезгилде музыка – адамдын Жан дүйнөсүн талкалоочу коркунучтуу курал. (Атайбек Бөдөшов).

* * *
Адамдан улук, адамдан бийик, адамдан ыйык эч нерсе жок. (Нуржамал Жийдебаева)

* * *
Адамдар каттабай калган жолдорду чөп басат, каралбаган жер-жемиштерди куурай курчап жок кылат, зарылдык түзүлбөгөн жерде тил басынып, чүнчүп, жүдөп кедерине кетет. (Шайлообек Дүйшеев)

* * *
Саясатта өмүргө кол салуу эки кырдаалда түзүлөт. 1. Бийлик тепкичи жогорулаганда, экинчиси өтө байыганда. (Абдыганы Эркебаев)

* * *
Чындык кысылып, тыгылып, чирип кетпейт. Бир күнү болбосо бир күнү жарк этип чыга келет. (Адахан Мадумаров)

* * *
Адамдын тагдырын сен ички Жан дүйнөң, ички маданиятың менен сезмейинче ачып бере албайсың. (Болот Макетаев)

* * *
Адамдын колу тийбеген, кыялы жетпеген нерсе ыйык бойдон сакталып калат. (Темир Бирназаров)

* * *
Сатира бул бүркүттүн көзүндөй түз, ысык картошкадай жабышкак, мышыктын тырмагындай ачуу болуш керек. (Жолоочу Рысбай)

* * *
Адамкерчилик катнаш саясаттан жогору туруш керек. (Дамира Ниязалиева)

* * *
Манас – чексиз, ааламдай кенен, мухиттей терең улуу баян. (Дөөлөт Сыдыков)

* * *
Махабат – Эверест сыяктуу. Эвересттин чокусуна саналуу гана адамдар чыккан. Чокуга жетпей ара жолдо калып, этегине кулагандар көп. (Мухтар Шаханов).

* * *
Кырсык алып келүүчү жылуу сөздөн, бакыт алып келүүчү ачуу сөз жакшы. (Сазыкбай Турдумалиев)

* * *
Бетховен, Бетховен дейсиңер. Бирок, кыргыздын Рыспайы сыздап турса, Бетховенди тааныгым келбей жатпайбы. (Сазыкбай Турдумалиев)

* * *
Артист – негизи көз каранды адам, ал чыгармага, режиссерго көз каранды. (Ашыр Чокубаев)

* * *
Ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келген адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок. (Чыңгыз Айтматов)

“Кеп казына” китеби жарык көрдү! Каалагандар “Нуска” китеп дүкөнүнөн,
гезит күркөлөрүнөн ала алышат. 0777- 7-17-17-62 телефонуна кайрылса болот.
Айдай Чотуева
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.