Жаштар жана студенттер арасында “Көп тил – бир дүйнө” ураанындагы адабий сынак

Жаштар жана студенттер арасында “Көп тил – бир дүйнө” ураанындагы адабий сынактын темасы: “Сыйкырдуу терезедеги дүйнө” деп аталат. Чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынат.

Аталган адабий сынактын уюштуруучулары – Социалдык интеграция борбору, «Кыргызстандын жаңы адабияты» интернет-сайты, Борбор Азиядагы Америкалык университеттин «Золотая табуретка» адабий ийрими. Каржылык колдоону ЕККУнун Бишкек шаарындагы борбору колго алган.

Сынактын адабий жанрлары – чоң кишилер жана балдар үчүн жомоктор жана уламыштар. Чыгармалар кара сөз же ыр түрүндө, же болбосо сценарий түрүндө болушу мүмкүн. Алар кыргыз, орус, өзбек, тажик жана ошондой эле Кыргызстандын чөлкөмүндө жашаган бардык элдердин тилинде кабыл алынат.

Эмгектин көлөмү А4 форматындагы, 12-шрифт менен терилген 4 беттен ашпашы керек.

Чыгармалар 2010-жылдын 20-ноябры саат 17:00го чейин goldenstool2010@gmail.com электрондук дареги боюнча гана кабыл алынат.

Башка кошумча маалыматтар менен бул жерден таанышсаңар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.