Кыргыздын канча улуттук оюну бар?

Кыргызча Интернеттен кыргыз улуттук оюндары тууралуу маалыматты көп эле таба бербейсин. Жокко эсе десек да болот. Биздин блогдогу ушундай аталыштагы бетти кеңейтүү (толуктоо) максатында Интернетте саякаттап жүрүп Арстанбек Илебаевдин тарых илимдеринин кандидаттыгы үчүн жазылган “Кыргыздын оюн-зооктору” аттуу илимий ишинин авторефератына туш болдум. Авторефераттан ар-бир оюн тууралуу кенен-кесири маалыматтарды таппасам да, кээ бир кызыктуу маалыматтарды ала алдым.

Аталган ишке ишенсек, кыргыздардын жалпысынан 310го жакын ар-түрдүү турмуштук оюн-зооктору, 42 ат оюндары, 23 чүкө оюндары болгон экен.

Алардын ичинде нагыз кыргыздардын оюндары менен кошо башка элдерден алынгандары, же болбосо башка элдерде да кездешкендери бар. Мисалы, тогуз коргол (филиппиндиктерде, малайзиялыктарда, камбоджийлерде, вьетнамдарда, бангладештиктерде, камерундуктарда да кездешет), чакмак таш, жусан (лянга, дунган оюну), калмак күрөш, калмакча алыш, калмак бий, батперек ж.б.

Бул реферат менен таанышкысы келгендер аны бул жерден окусаңар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.