Салт улаган cалбурун, барбы кыргыз алгырың?

Буга чейин ар жылы өткөрүлүп келаткан “Салбурун” фестивалынын алтынчысы өткөн жумада Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өткөрүлдү. Бул жолку “Салбурун-6” фестивалын “Салбурун” федерациясы, “Жолчоро” кайрымдуулук фонду, “Айкөл” үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи уюштурса, каржы маселесин федерацияга президент болуп дайындалган Темир Сариев өз мойнуна алган.

Салт улаган салбурун
Юдахин сөздүгүндө “салбар” деген эски түрк сөзү “алгыр куш” дегенди билдирери айтылат. Албетте ошондон улам кыргызда “салбурун” деген термин келип чыккан. “Манаста”:
“Мээлей алып, боо тагып,
Ит агытып, куш салып,
Илмек кылып, жаа тартып,
Салбурундап жер чалып” деп айтылат. Бул өнөр илгери кыргыздарда улуттук өнөрдүн эң баалуусу катары эсептелинип, жапайы жаныбарлар семирген, терилери жетилген күз айларында аңчы, мүнүшкөр, мергендер салбурунга ат тезегин кургатпай чыгып турушкан экен. Чынында итти, айрыкча кушту аңчылыкка таптоо өтө машакаттуу, татаал иш. Кыргызда мен-мен деген гана мүнүшкөрлөр ит, кушту таптап, каалоочуларга, шакирттерине аңчылыктын кызыгын көрсөтүшкөн. Керек болсо мындай адамдардын астынан бай-манаптар да кыя өтө алышкан эмес. Салбурун көчмөн элдин аңчылык өнөрү гана эмес, жоокердик машыгуусу да болгон. Жоокерчилик заманда душмандар көп болгондуктан салбурундап чыккан жигиттер жаа атып, колдорун жатыктырып, ат үстүндө ойноп турушкан. Салбурунга чыгуу советтик доорго чейин колдонулуп келип кийин таптакыр унутулуп калган.

Көлдүктөр көп жагынан кыйын экен
“Салбурун-6” фестивалына Нарын, Ысык-Көл облустарынан, Бишкек шаарынан болуп жалпы 78 адам катышты. Жаа атуу боюнча Ысык-Көл облусунан Искендер Акунов чемпион болсо, куш салуу боюнча чолпон-аталык Фархат Мусаев өзгөчөлөндү. Ителги салуу боюнча Григорьевка айылынын тургуну Чыңгыз Дыйканов алдыга чыкса, бүркүт салуу боюнча Тоң районунун мүнүшкөрлөр командасы баш байгени утуп алып, кубанычтары коюндарына батпай турушту. Тайган жарыштан Ысык-Көл облусунун Төрткүл айылынан Айтбек Сулайманбековдун тайганы күлүк болуп чыкты. Карышкырга тайган салууда Көл-Төр айылынан келген Акылтай Өмүракуновдун Учар, Узар аттуу эки тайганы, карышкырга коркпой тиш салып, келгендерди таң калтырып, кожоюнуна жеңиш алып беришти. Дөбөт алыштырууда болсо балыкчылык Ишеналы Иманалиевдин дөбөтү биринчи орунду алса, экинчи орунду Балыкчы шаарынын дагы бир тургуну Болот Кадыровдун кызыл дөбөтү жеңип алды. Ал эми жорго салдыруу кунан, бышты, чоң (асый) жорго боюнча үч башка мелдеш болуп өттү. Кунан жоргодон Ак-Суу районунан Аскар Жаныбековдун “Космос” аттуу айгыры алдыга чыкса, бышты жоргодон Нарын облусунун Кочкор районунан келген Баба Бостоновдун жоргосу биринчи орунга татыктуу болду. Чоң жоргодон кайра эле Аскар Жаныбековдун аты биринчи орунду утуп алды. Күлүк кунандарды жарыштыруудан Бишкектен келген Рамазан Эрса биринчиликти алды. Аламан байгеден чолпон-аталык Таалай Бурганаков утушка ээ болду. Өкүнүчтүүсү, бул фестивалга атайын даярданып чыккан таластык мекендештерибиз келе албай калышты. Көрсө, жолдо унаасы бузулуп калыптыр. Кыскасы, бул фестивалда кушчулар, жаачылар, тайганчылар көп болуп, алгачкы күнү теке бутаны теше атып аткан бишкектик жаачылар чыныгы оюнда олдоксондук кылып утулуп калышты.


Алмазбек АКУНОВ: “Мага акча эмес, ата-баба өнөрү артык”
Унутулган өнөрдү жандандырып, салбурунду спорттук оюн катары алып чыгып, эрежелерин иштеп чыккан Эл агартуунун отличниги, күрөш боюнча спорт чебери, Ысык-Көлдөгү кыргыз күрөшүнүн негиздөөчүсү Алмазбек Акунов буларды айтып берди:
– “Салбурун” программасында 7 өнөр камтылган. Алар бүркүт салуу, куш, ителги салуу, жаа атуу, тайган жарыштыруу, карышкырга тайган агытуу, дөбөт алыштыруу (кыргыз дөбөттөрү), жорго салуу. Азыр илгеркидей шарт жок. Ошого карабай, ит агытып куш салуунун, жаа атуунун жаңы эрежелерин иштеп чыгып, улуттук спорттук оюндардын түрүнө айлантууга аракет кылып жатабыз. Чынында мүнүшкөрлүк өнөр Кыргызстан боюнча Ысык-Көлдө гана жакшы сакталып калган. Айрыкча, Тоң районунда мүнүшкөрдүк өнөр күнү бүгүнкүдөй. Биздин эрежеде мүнүшкөрлөрдүн улуттук кийимине, бычак, өтүк, кур, жем баштык, куш боосу, мээлейи сыяктуу аңчылыкка керектүү шаймандары да эске алынат. Алардын талапка ылайыктуулугуна, кооздугуна карап өзүнчө упайлар берилет. Эң негизги упайды тапталган бүркүттүн, куштун жапайы аңдарды алышына, учушуна жараша беребиз. Жылыга катышкан жаш мүнүшкөрлөрдөн азыр биртоп жылыштарды байкадык.

Ит агытууга токтолсок, буга чейин кыргыз тайгандарынын алгырлыгы, күлүктүгү боюнча эч кандай мелдеш өткөрүлгөн эмес. Ошону эске алып салбурунга тайган жарыштыруу, аны карышкырга салууну киргизгенбиз. Биздин максат – салбурунда өзүн көргөзгөн мыкты тайгандардан тукум алуу, көбөйтүү. Ачыгын айтканда, фестивалга келген тайгандардын саны көп, сапаты начар. Ошондуктан аңчылык сыноодон өтпөгөн тайгандарды жоготуп, жакшыларын алып калалы деген максатыбыз бар. Кудайга шүгүр, беш жылдан бери тайгандар бир аз иргелип келатат.

Жаа атууга келсек, кыргыздар жаа атпай калганына 200 жыл болуптур. Учурда жаа атканга кызыккан жаштар өтө көп. Бирок, бизде көрсөтмөгө коюлуучу жаалардан башка оңчулуктуу жаа жок экен. Жаачылыкты колго алгандан кийин айла жок Америкадан, Венгриядан жааларды алдырдык. Кымбат болгонуна карабай жебелери бат сынып, Москвадан бышык жебелерди сатып келдик. Ошон үчүн өзүбүздө жаа жасоо өркүндөсө жакшы болгудай.

Салбурунга жорго салууну киргизгенибиздин себеби, кыргызда илгери адам, ат, ит, куш бир бүтүндүк катары кабылданган. Көчмөн доорунда, атургай азыр да кыргызды атсыз элестетүү мүмкүн эмес. Атсыз кыргыз колорити жоголот. Ошону эске алып, жорго салууну “Салбурунга” киргизгенбиз. Жыйынтык жаман эмес. Жылдан жылга мыкты жорго аттар чыгып, аларга кызыккандар арбып баратат. Чынын айтсам, салбурундун мурунку фестивалдарына жергиликтүү бийлик адамдары, мамчиновниктер басып келишчү эмес. Бу жолу Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Асанакунов, Тоң район акими Бакыт Рыспаев, Күн-Чыгыш айыл өкмөт башчысы Улан Турганбаев келип колдоо көрсөтүштү. Алар мындан ары да жардам берип турушарын айтышты. Чакырылбаса да кызыгып келип, өз демилгеси менен колдоо көрсөтүп коюшканы үчүн аларга ыраазымын. Чынында мен үчүн акча, атак-даңк маанилүү эмес. Болгону кыргыз өнөрү өркүндөсө деген эле тилек.

Мелис СОВЕТ уулу, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.