Чык

Керектелүүчү азыктар: 500-600 грамм нак шорпо, 2 баш пияз, 3-4 тоголок сарымсак, 1-2 көк калемпир, 2-3 лавр жалбырагы, татымына жараша мурч, туз.

Даярдоо ыкмасы: нак шорпонун майлуу жеринен куюп алып, ага көк калемпир, сарымсакты майда туурап, лавр жалбырагын салып, татымана жараша туз, мурч сээп, бир аз кайнатып туруп, дымдап коет. Андан кийин этти майда туурап, камырды сууга бышырып алабыз. Бышкан камырга тууралган этти жана даяр болгон чыкты аралаштырабыз да дасторконго коебуз.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин «Кыргыз даамы» китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.