Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өттү

28-декабрда улуу акын Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Акын-жазуучулар, журналисттер, Бишкектин окурман коомчулугунун өкүлдөрү “Ала-Арча” көрүстөнүндө акындын мүрзөсүнө гүл чамбырларды коюшуп, арбагына куран окутушту. Тегерегине балаты, арчаларды отургузушту.

Поэзияга өмүрүн арнап, адабиятты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин чыгармаларын кыргызчалаткан, өмүрү ырга айланган инсан болгондугун баарыбыз билебиз. Бүгүн эл акындар чогулуп, Алыкул Осмоновдун арбагын сыйлап, поэзиянын пири катары дагы бир жолу эскерүүнү туура көрдүк”,-дейт КР эл  акыны Асан Жакшылыков.

А. Жакшылыковдун айтуусу боюнча, Алыкул 21-мартта Нооруз жана поэзия күнү туулган. “Менин оюмча мындай дал келүүчүлүк жөн гана жерден болбосо керек”, – деп кошумчалай кетти.

Г.Касымкулова, «Кабар» МА, 28.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.