Бишкекте «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот

15-февралда КР Улуттук китепканасында кыргыздын алгачкы «Алибфе яки тута окуу» китебине 100 жыл толгондугуна байланыштуу «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Кыргыз элинин биринчи агартуучу – илимпозу, алгачкы алиппенин автору, И. Арабаев Уфадагы жогорку диний мектеп «Медресе – Галиядан» окуп жүргөндө эле Х. Сарсекеев деген казак студент экөө тарабынан кыргыз, казак балдарына арналган «Алибфе яки тута окуу» китеби 1911-жылдын 15-февралында «Шарк» басмаканасында араб тамгасында басылып чыккан.

«Алибфе яки тута окуу» («Алиппе – жаки төтө окуу») көлөмү боюнча 52 беттен турат. Ага баары болуп 74 дарс киргизилген. Тамгаларды окуп жана жазып үйрөнүү үчүн кыргыздардын, казактардын эски төл сөздөрү пайдаланылган. Мындан башка дагы үй буюмдарынын мал, жер, куш, жапайы айбанаттардын аталыштары берилген.

Алиппенин ички түзүлүшү жана мазмуну көбүнчө көркөм дидактикалык материалдар менен жабдылган. Тез окуу үчүн берилген тексттерге Толстойдун, Ушинскийдин, Крыловдун балдар үчүн жазылган чыгармалары, эски түркий алиппелердеги көркөм адабияттар кыскартылып пайдаланылган.

Кыргыз алиппеси жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөдө басмадан чыгарылган алиппе китептери, ал жөнүндөгү жазылган ар түрдүү макалалар, алиппе майрамдарын өткөрүү тууралуу методикалык материалдар орун алган.

Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий жана маданият кызматкерлери, акын, жазуучулар, студенттер, мектеп мугалимдери, окуучулар, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.

“Кабар” МА, 12.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.