«Көктөм» сынагы: Калича Жакыпова

Жазым менин…

Сырым сезген сырдашымдай жел мени
Сыдырымга сылап жүзүм термеди.
Сагынычка толуп турган убакта
Кандай ырахат! Көктөм жаздын келгени.

Келдин мына! Көңүл сырын эзгендей
Күттүм сени! Жолугушчу кез келбей
Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма
Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей.

Көөдөндөгү кусалыгым тыңдачы,
Көңүл эзген жамгыр ырын ырдачы.
Жүрөгүмө кубат берген сен болдуң
Жазым менин! Жан дүйнөмдүн-сырдашы.

Жан эргите булбул үнү угулуп,
Жаңыргандай жердин бети кубулуп,
Өзгөчө бир шаң коштуң сен жашоомо
Өзүң менен келип жандуу сулуулук.

Шибер чөптүн жыты чыгып, баш алып
Табият да тал чыбыктай жашарып,
Көктөмдүн бул ар бир аткан таңында
Көңүлүм да барат улам тазарып.

Жолун тороп турса дагы жай алдын
Жазды даңктап сүйүүгө мен даярмын!
Анткени ал кандай гана жагымдуу
Жан дүйнөсү сыңар назик – аялдын.

Сырым сезген сырдашымдай жел мени
Сыдырымга сылап жүзү термеди,
Кусалыкка батып турган убакта
Кандай бакыт! Көктөм жаздын келгени…

Калича Жакыпова,
«К
өктөм» сынагына.

Соц тармактар:

9 thoughts on “«Көктөм» сынагы: Калича Жакыпова

  • 16.03.2011 в 20:28
    Permalink

    бул ыр романтикалуу жана назик чыгыптыр.
    кыргыздарда акын кыздарыбыз аз дегенибиз менен уучубуз кур эмес экени Калычадан корунуп турат. Аззаматсын!

    Ответ
  • 17.03.2011 в 10:35
    Permalink

    Соз жок, Соонун ыр. создору да уйкаштыгы да мааниси да топ келишкен! Азаматсын, талантын ташкындай берсин!

    Ответ
  • 17.03.2011 в 20:22
    Permalink

    sonun yr eken abdan jakty,onorynqyz orkyndoi bersin!

    Ответ
  • 18.03.2011 в 12:14
    Permalink

    мен бул сайтка капыстан кирип ушул сынаака кубо болуп калдым.
    мен добушумду ырлардын ичинен Каличанын ырына бердим. себеби уйкаштыгы маасини жагынан да эн соонун жазылган ыр экен. жазды озгочо бир салыштыруулар менен суроттоптур. обонго салса да болчудай. келечектен копту умуттондургон талантуу кыз экен. Ийгилик сага синдим

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Ответ
  • 22.03.2011 в 12:48
    Permalink

    айалзатынын поэзиясын мыкты ачып берген азаматсын!

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Ответ
    • 24.07.2011 в 21:11
      Permalink

      Саламатсызбы.
      Биз азырынча бир да пикирди өчүрө элекпиз. Бир гана алар модерациядан өтүш керек. Ошого байланыштуу ал дароо эле чыга бербейт, бир аз кечигүү бар.
      Пикириңизге рахмат! Так ушундай пикириңизди «Аптап» сынагына катышкан ырлар боюнча да айтсаңар жакшы болот эле. Анткени учурда «Көктөм» темасындагы сынак аяктап, «Аптап» темасында жүрүп жатат.
      Урматыбыз билдирип КМБ

      Ответ
  • 29.07.2011 в 10:54
    Permalink

    Каличанын ыры «Аптап» темасына эмес, жаздын келишине арналыптыр. Бирок, жакшы жазылган.

    Ответ
    • 29.07.2011 в 15:15
      Permalink

      Бул жазга арналган «Көктөм» сынагына катышкан. Бул сынак аяктап, эми жайга байланыштуу «Аптап» темасына ырларды алып жатабыз.

      Ответ

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.