Кенже балдар «Манасты» жатык тилде окуй алышат

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун «Бала Манас баяны», «Семетей», «Аккула» аттуу жатык тилде жазылган үч китеби жарык көрдү.

Буга чейин Сапарбек Касмамбетовдун «Семетейдин 40 чорону кырышы» дастаны жазылып алынып, «Эр Кошой» дастаны, биркатар поэтикалык жыйнактары жарык көргөн. Ал өткөн жылы , «Элдик манасчы» наамына ээ болгон. Андан тышкары, айтылуу төкмө катары да калкыбыздын калың катмарына жакшы белгилүү.

Ал китептердин эң башкы артыкчылыгы анын кенже балдар менен мектеп окуучуларына арналгандыгында турат. Бул улуттук улуу мурасты жакшы өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түзөөрү бышык. Жаш балдарды «Манас» дүйнөсүнө жетелеп кирип, алардын өз тилинде түшүнүк берүү демилгеси өтө түйшүктүү иш, кыйла жоопкерчиликтүү милдет экендигин адабиятчылар жетик билет.

Үч китеп тең Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү меценант Карганбек Самаковдун колдоосу менен басылып чыкты.

Кемел Белек, Кабар” МА, 14.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.