Турусбек Мадылбай 2010-жылдын мыкты жазуучусу деп табылды

Кыргыздын белгилүү жазуучусу Турусбек Мадылбай «Арча» адабий сыйлыгын утуп алды, деп маалымдайт “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты.

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатында «Турар» басмасы менен эл аралык адабий-көркөм «Жаңы Ала-Тоо» журналы 2010-жылы мыкты чыгармаларга конкурс жарыялаган. Конкурстун шарты боюнча чыгарма мурда жарыяланбаган жана китеп болуп чыкпаган болуусу тийиш эле. Андан тышкары конкурс жабык түрдө өттү. Бул деген чыгарманын автору ким экени белгисиз бойдон калып, башка эле бир адабий ысым менен жарыяланышы керек эле дегенди билдирет. Ошону менен 2010-жылдын «Жаңы Ала-Тоо» журналынын №4 апрель, №5 май айларындагы сандарында Токтогулий деген ысым менен басылган «Зилзала» аттуу кыса «Арча» адабий сыйлыгынын баш байгесин утуп алды. Калыстар тобу аныктаганда, бул ысым жазуучу Турусбек Мадылбайга таандык болуп чыкты. Конкурстун жобосу боюнча, баш байгени уткан авторго «Жылдын мыкты жазуучусу» деген наам дагы ыйгарылат.

Буга чейин Турусбек Мадылбай бир нече эл аралык жана улуттук сыйлыктардын ээси болгон. Атап айтканда, Чили элинин, Эл аралык студенттер уюмунун, эл аралык «Русская премия» жана «Добрая лира» сыйлыктарынын лауреаты. Андан тышкары Кыргызстандын мыкты фантастикалык чыгармаларга, мыкты тарыхый, мыкты саясий макалаларга конкурстарынын жеңүүчүсү. Турусбек Мадылбай Кыргыз улуттук жана Евразия эл аралык жазуучулар уюмдарынын, англис тилиндеги акындардын «Templar Poetry» жамаатынын мүчөсү. Жазуучунун чыгармалары кыргыз, орус, англис, түрк ж. б. тилдерде жарыяланган.

Конкурстун калган жеңүүчүлөрү төмөндөгүдөй белгиленди:

ПРОЗА

1-орун:
• Турусбек Мадылбай («Зилзала» повести)

2-орун:
• Шайымбек Апылов («Көгүлтүр автобус» ж. б. аңгемелер топтому)
• Шекербек Калыков («Шапа аканин жоруктары», аңгемелер топтому)

3-орун:
• Абдымомун Калбаев («Сирень жыты»)
• Элмира Ажыканова («Ай талаадагы аял»)
• Ажар Дүйшембиева («Сочинение» ж. б. аңгемелер топтому)

Кызыктыруучу сыйлыктар:
• Мурзапар Үсөнов («Жазымыш»), Чынтемир Аскаров (аңгемелер), Кадырова Сайрагүл («Кечирим булак», «Купуя сыр»)

Проза боюнча оригиналдуу чыгармасы үчүн конкурстан сырткаркы атайын сыйлык:
• Николай Шульгин («Жизнь и ее окрестности», новеллалар)

ПОЭЗИЯ

1-сыйлык: ыйгарылган жок

2-орун:
• Бектуруш Салгамани («Сагынып жашаймын» ырлар топтому)
• Замирбек Иманалиев («Аян бар керемети туюлбаган» ыр китеби)

3-орун:
• Эркалы Өскөналиев (ырлар)
• Өзүбек Абдыкалыков («Не карып?» ырлар)
• Таалай Нуркемел (ырлар топтому)

Кызыктыруучу сыйлыктар:
• Исабек Токтогулов (ырлар, балдар адабияты),
• Сирень Сарбалаева (ырлар), Айшакан Субанкулова (ырлар)

КОТОРМО

1-орун:
• Эрнис Турсунов (К. Чуковский: «Чымын чыңкылдак», «Киркойбос» ж. б.)

2-орун:
• Сүйөркул Тургунбаев (В. Ф. Одоевский «Бетховендин акыркы квартети», А.Рюноске «Чытырманда» ж. б.)
• Догдурбек Юсупов (А. Чеховдун чыгармалары)

3-орун:
• Илгиз Талип (Мандевил «Дүрбөгөн бал челек»)
• Абдылда Карасартов (Н. Ясин Өркиш «Жапайы кептер»)
• Мырзохалим Каримов (С. Зуннунова «Бала жыты», А. Самадов «Көңүл»)

Кызыктыруучу сыйлыктар:
• Бейманбек Сардарбеков (котормолор)
• Аида Эгембердиева (С. Капутикян, ырлар)

АДАБИЙ ИЛИКТӨӨЛӨР

1-орун: ыйгарылган жок

2-орун:
• Абдыкерим Муратов («Кыргыз балдар адабиятынын табияты, калыптанышы жана тарбиялык мааниси»)
• Бозум Алышбаев (макалалар топтому)

3-орун:
• Нурзат Казакова («19-кылымдагы жазгыч акындардын чыгармачылыгына чыгыш акындарынын таасири»)
• Орунбай Ахмедов («Шырдакбек»)
• Талантаалы Бакчиев («Манасчылык өнөрүндөгү тукум куучулук», «Тар заман»)

Кызыктыруучу сыйлыктар:
• Сабырбек Бейшембиев («Эл булбулу – Жөжө»)
• Мырзабек Чокотегин («Боз үй – көчмөндөрдүн турак жайы»)

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 30.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.