Кыргызстанда Элла Майярдын “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга чейин” деген китебинин бет ачаары болот

16-июнда Бишкекте Мэриянын алдындагы маданият башкармалыгына караган Борборлошкон китепкана системасынын имаратында (БКС) Швейцариялык жазуучу жана саякатчы Элла Майярдын кыргыз тилине которулган “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга чейин” деген китебинин бет ачаары өтөт. Бул тууралуу БКСтын директору Гүлсайра Дандыбаевага шилтеме кылуу менен “24.kg” маалымат агенттиги билдирет.

Бул китеп алгач 1943-жылы Парижде “Грассе” басмаканасында басылып чыккан.

“1932-жылы Элла Майяр Советтер Союзуна келип, интеллигенция өкүлдөрү менен кезиккен. Бирок анын негизги максаты – Кытай чегине чейин Борбордук Азияны изилдөө жана көчмөндөр менен таанышуу болгон. Кыргыздардын коштоосунда ат үстүндө ал Теңир-Тоого чейин барып, Өзбекстан менен Арал деңизинин ортосундагы Кызыл-Кумга чейин жеткен. Ызгардуу кыштын суугуна карабай, каракчылардан жана советтик текшерүүчүлөрдөн сактанып, ал 1932-жылдын июлунан 1933-жылдын январына чейин саякаттаган. Жазуучу советтик бийлик көчмөндөрдү XX кылымга күч менен киргизип жатат деп жалтанбастан айткан, буга байланыштуу анын китеби совет окурмандарынын колуна жете алган эмес”, – дейт. Г.Дандыбаева.

Китепти француз тилинен кыргыз тилине Нуралы Турганбаев которгон. Китепти басып чыгарууга Швейцариянын кызматташуу боюнча Кыргызстандагы бюросуну жардам берген.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.