«Аптап» сынагы: Мелис Мамажан уулу

АБА МУЗДАТКЫЧ

Саратан кайнап жай күнү,
Кадамдайт ысык ар күнү.
Үшкүрсөң эле чыкпаса,
Жокко эсе желдин бар күнү.

Калаада аптап акчудай,
Каалгасын чертип какчудай.
Күпүлдөп кетет унаалар,
Күкүртү койсоң чакчудай.

Тепсесе күйгөн таманы,
Ордуна койдум санааны.
Аралап жүрүп базарда,
Муздаткыч алдым абаны.

Терлеген денем басылды,
Теринин жери ачылды.
Колдонсо болбойт көчөдө,
Бирок да мындай асылды.

Көралбай эмгек пайдамды,
Көөдөндө ойлор айланды.
Кутулбай аптап деминен,
Кетире бердим айламды.

Таң менен турдум оболу,
Толкуттум колдой обону.
Табият берген тоолорго,
Угузуп турдум жобону:

Акырын таптап амалды,
Ышкырык күчүм таралды,
Кыргыздын Ала-тоосунан,
Чакырып келдим шамалды.

Мелис Мамажан уулу,
“Аптап” сынагына

Соц тармактар:

6 thoughts on “«Аптап» сынагы: Мелис Мамажан уулу

  • 01.08.2011 at 18:11
    Permalink

    Эн сонун ыр! Аба муздаткычы жонундо айтып атып, кыргыздын тоолорунан шамал айдап келгенин, Мелистин. Аптапты да унута тушот экенсин. Ыр кыргыз пейилиндей жонокой, мээримдуу саптар менен коштолгон.

    Reply
  • 15.08.2011 at 21:25
    Permalink

    Ыр ото жатык тил менен шыр жазылганы корунуп турат. Мелисбектин бул 8 муундуу “Аба муздаткычы” эн сонун жазылган. Жаш таланттын буга чейин эч качан, эч бир акын тарабынан айтылбаган ой, адабияттагы “Аба муздаткыч” деген табылгасын каранызчы! Тээ алыста журсо дагы кыргыз шамалын не деген керемет кылып корсоткусу келген. Мелис сага ийгилик каалайм, калемин курч, ниетин калыс, багытын туз болсун! Аган Тумонбай Колдошов. Ош шаары.

    Reply
  • 18.08.2011 at 02:41
    Permalink

    Жазылаар кезде жазылбай
    Канча ырлар калды дарексиз
    Ыр бакмак тугул биз азыр
    Жан багуу менен алекпиз
    деген ырын окудум эле бир акындын Анын сынарындай
    ыр жазуу учун эмес жан багуу учун келген Москвадагы Мелистин бул ыры мени аябай толкундантты
    Бар болгула калеми курч акындар!
    Поэзия дуйносуно жакындар!
    эн сонун жазылган ыр! Ийгилик каалайм сага Мелис…

    Reply
  • 25.08.2011 at 17:13
    Permalink

    Азамат Мелис, азамат, Дээринде бар баласын. Жуктонуп алып журо бер, Мекендин салкын абасын.

    Reply
  • 30.10.2012 at 18:33
    Permalink

    Мааниси аябай терен, жакшы жазылыптыр. ИЙГИЛИК каалап кетмекчимин!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.