«Аптап» сынагы: Асель Токтаалы кызы

АПТАП

Ай, ушул жайдын ысык аптабы ай.
Айлуу түндө айдарым жел каптагыдай.
Сен турсаң жолду карап үй сыртында
Мен чыкпай кылыктана каада күтүп.

Ай, ушул жайдын ысык аптабы ай.
Чачынсаң суудан адам качпагыдай.
Сейилдеп бак аралап бирге жүрсөк,
Ысыгы, суугуна да чыдагыдай.

Сүйүүнун аптабына бирге күйсөк,
Аптаптай мамиледе дайым жүрсөк,
Ааламда экөөбүздөй бактылуулар
Сырдашып, сыйкырдуу өмүр сүрмөк.

Асель Токтаалы кызы,
“Аптап” сынагына

Соц тармактар:

2 thoughts on “«Аптап» сынагы: Асель Токтаалы кызы

  • 01.08.2011 at 22:18
    Permalink

    Ыймандуу кыргыз кызынын таза, аруу сезими татынакай ыр саптарына катылган. Ыр жандуу, наристе сезимге бай. Асель болочокто акын кыздардын алдынкы сабын толуктагыдай, буюрса. Ырдын анча-мынча чийки даамы сезилип турат. Аселге ийгилик каалайм. Талбай издениниз дээр элем.

    Reply
  • 18.08.2011 at 14:30
    Permalink

    Молодец Асель. Абдан мыкты жазыптырсын. Дагы да талыкпай издене бер. Ийгиликтер

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.