“НУРБОРБОРдун” Москвада филиалы ачылды

Жакында Москва шаарында эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын филиалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанатка Кыргызстандан барып иштеп жатышкан маданият, адабият тармагына тиешелүү өнөр адамдары жана эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасынын орун басары Нурланбек Калыбеков катышты.

Академиянын Москвадагы филиалынын директорлугуна “Нур” жарнамалык, адабий, маданий гезитинин башкы директору Багыт  Бапанов дайындалып, буга чейин таланттардын башын кошуп келген “Москва кайрыктары” аттуу адабий ийрим филиалдын алдында адабий клуб болуп кайра түзүлүп, жетекчилигине жаш акын Асман Мойдунтегин шайланды.

Мындан сырткары КРнын улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Нурланбек Калыбеков МСПСтин (мурдагы СССР жазуучулар Союзу) төрагасы Иван Переверзин менен жолугушуп, жыйынтыгында КРнын улуттук ЖСнын төрагасы Чолпонбек  Абыкеев өз ара кызматташууга кол коюу үчүн Москва шаарына МСПСтин жол каржысы аркылуу бармай болду.

Дайырбек МЕЙМАНОВ, “Кыргыз Туусу”, 01.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.