“Күз” сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

Чыкыроон күз

Булут тосуп жарык күндүн бир көзүн,
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз – айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн.

Суук аба, муздак шамал, суз асман,
Суулар акпай муз денелүү тузактан.
Сумсайышса тоолор ичтен чыйрыгып,
Сук каргалар “карк-курк” этет узактан.

Төгөт жамгыр… Жолдор көлчүк тешилип,
Таманыңдан баткак өбөт эзилип.
Дарыялар киргил тартып ташкындап,
Дарак боздойт эчак алган чечинип.

Чулгап жерди үймөк сары жалбырак,
Чөп кубарат, бели сынып жалдырап.
Терезелер ным кучактап тердешсе,
Туман уктайт таалааларда магдырап.

Түтүн булап көккө кыштак үйүнөн,
Түндөр узун сестенчүдөй түрүнөн.
Камыккансыйт Жер-эне да ыр угуп,
Кайтып учса келгин куштар дүңүнөн.

Иттер тоңуп, эптеп үрбөй таң ашат,
Иштер кычап, мезгил санаа жаратат.
Мемиреген жылуулук бар бөлмөдө,
Мештин үстүн кумган, чайнек талашат.

Тоготпостон күзгү желдин үшүгүн,
Татып даамын жайкы эмгек үзүрүн,
Элеттиктер кызуу турмуш шарында,
Эбак жыйган отун, эгин, түшүмүн.

Аяганды көңүлүнө эч илбей,
Аяз ойноп айлананын бетинде эй.
Чыкыроон күз – улам сүрдүү ышкырат,
Чиркин өмүр тизмегинин кечиндей.

28.11.2011

Жылдызбек Турсунбаев,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

20 thoughts on ““Күз” сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

  • 03.12.2011 в 16:11
    Permalink

    жакшы ыр экен
    бирок аттин мен бул ырдан кузду эмес кышты коруп атам
    суук, тонуп, аяз, муз денелуу суу деген создору менен кышты суроттогондой 🙂

    Ответ
    • 05.12.2011 в 11:08
      Permalink

      chykyroon kuz dep atpaiby bul jigit yrynda.Kyiazy Bolotbek Says chykyroon degen sozdun maanisin tushunboit okshoit.Chykyronn kuzdo suunun jeegin muz kaptait da …

      Ответ
  • 05.12.2011 в 11:18
    Permalink

    Кузду жакшы суроттогон ыр экен. Даана быйылкы куз экен бул, анткени ырда айтылгандай быйыл куз суугураак болду окшойт башка жылдарга салыштырмалуу.

    Ответ
  • 05.12.2011 в 11:19
    Permalink

    Чыкыроон куз деген темага суроттолуш толугу менен жооп бериптир! Алтын куз боло бербейт да дайым эле!

    Ответ
  • 05.12.2011 в 11:21
    Permalink

    Абдан жакшы жазылган ыр экен. Куз аяктап кыш келе жатканы мыкты суроттолгон. Авторго ийгилик каалайм, жаны чыгармалары менен кубантып турсун.

    Ответ
  • 05.12.2011 в 11:22
    Permalink

    Кыргызстандын кечки күзүн мыкты сүрөттөгөн ыр экен.

    Ответ
  • 05.12.2011 в 11:29
    Permalink

    Эн сонун! Мага жакты, Жылдызбек алга!!!

    Ответ
  • 05.12.2011 в 13:01
    Permalink

    Ыр сонун жаралган. Ырдын аты айтып тургандай, бул куз мезгилинин акыркы кышка жакын убактысы суроттолуптур. мыкты салыштыруулар — чоптун белинин сынганы, баткактын таманды өпкөну,куздун кызыл-сары күрмөсү. Акындын калемине ийгилик.

    Ответ
  • 05.12.2011 в 14:30
    Permalink

    Негизи ырдагы теманы салыштыруулар ачат. Бул ырдагы салыштыруулар абдан жакшы болуптур, кадимкидей куздун илебин, баткак, колчукторду элестетип окудум. Мазмуну, мааниси абдан жакшы жызылыптыр. Жылдызбек Турсунбаевге бир эле созду айтып койсон болду, калганы жамгырдай эле тогулот го чиркин. Азаматсыз, сизге коз тийбесин, жаман жумун соз тийбесин.

    Ответ
  • 06.12.2011 в 10:33
    Permalink

    Жакшы жазыпсын Жыке! салыштыруун абдан сонун! баа бердим. Озгочо меш талашкан кумган чайнек менен магдыраган туманын жакты. ийгилик! Бар бол! сендей акындар кыргыздын байлыгы)))

    Ответ
  • 06.12.2011 в 13:30
    Permalink

    Жылдызбек байке, ишинизге ийгилик!!! Бул ырыныздан жакшы сабак алдык, «Чыкыроон куз» деген создун озундо эле эмне деген маани жатат. Бул созду билбеген канча деген кыргыздар бар.
    Ыр эн жакшы жазылган, салыштыруулар эн мыкты денгээлде жасалган.
    Осо бериниз! Дагы ушундай ырларды коп-коп жаратып тилибиздин онугушуно салымдарынызды кошо бериниз!!!

    Ответ
  • 06.12.2011 в 14:54
    Permalink

    Абдан жакшы жазылган ыр.
    Азаматсыз! Калеминиз курчуй берсин.
    Салыштыруулар жакшы берилген. Ийгилик сизге!

    Ответ
  • 06.12.2011 в 15:29
    Permalink

    Мемиреген жылуулук бар бөлмөдө,
    Мештин үстүн кумган, чайнек талашат.

    ушул жери озгочо сонун берилиптир.
    абдан жакты

    Ответ
  • 08.12.2011 в 16:38
    Permalink

    Азаматсыз сиздин ырларынызда керемет саптар. Калеминиз курчуй берсин. Поэзия ааламында атыныз алтын тамгалар менен жазылышына ишенем.

    Ответ
  • 08.12.2011 в 17:00
    Permalink

    Азаматсын Жылдызбек, ырын окуп кадимкидей кузгу суукта сыртта жургондой элестеттим.
    «Дарак боздойт эчак алган чечинип.»- соз жок …
    талантын оркундой берсин….

    Ответ
  • 08.12.2011 в 17:49
    Permalink

    Ыр эң мыкты деңгээлде жазылган. Уйкаштыгы, мааниси баары бири-бирине жарашып турат. Жылдызбектей акындарыбыз көп болсо, анда буюрса Кыргызстандын маданияты өнүгөт, адабиятыбыз гүлдөп өсөт!Талантың өсө берсин! Ак жол сага!Биз сени менен сыймыктанабыз!

    Ответ
  • 13.10.2015 в 16:47
    Permalink

    Ыр аябай жакшы жазылыптыр Уйкаштыгында. маанисинде сөз жок. Бул жигитти тамада катары сыйлачумун. Акын катары да сыйлап калдым. Өнөрүңө бали, Жылдызбек!

    Ответ

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.