Мен да сиздин “Адабий ишмердүүлүктөн” чыктым эле, Жедигер агай

Жедигер агай 50гө чыгыптыр – дедим мен.
– Ту-й ата, убакыттын өткөнүн кара… Ал сенин устатың эмеспи, барып куттуктап кой, – деди кырктын кырына чыга элек жатып чачы куудай агарган ага досум, акын Нурлан Калыбеков.
– Биз курактуу журналисттердин баары эле анын шакирттери эмеспи, агай биздин кайсы бирибизди эстемек эле, – дедим кайдыгер.

– Сен агайды журналист эмес, ошол кезде Жедигер агай уюштурган “Адабий ишмердүүлүк” бөлүмүнүн продукциясы, акын катары барып куттукта да, – дейт Нукем.

Кашайып мен ММКда иштемиш болуп жүрүп, 1993-жылы журфакка же филфакка эмес акын жана журналист Жедигер Саалаевдин демилгеси менен Москвадагы М.Горький атындагы адабий институттун формасында ачылган “Адабий ишмердүүлүк” бөлүмүнө тапшырып, анын биринчи жана акыркы студенти болгонумду эстебей деле калыптырмын.

* * *
Мектепти бүтүп аткан жылдары таенем айтмакчы, чындап эле ыр жинди болуп кеткем. Жазган ырымды ошол кезде биздин мектепте аскердик даярдоодон жана дене тарбиядан сабак берген, КМУнун журналистика факультетинде сырттан окуп жүргөн акын, журналист Ооганбек Станбеков агайга сынатам. Тактап айтканда, ошол киши менин алгачкы саяпкерим эле. Бир күнү Ооганбек агай Бишкектен атайын менин атыма жазылган кол тамгасы бар ыр китеп көтөрүп келди. Карасам, акын Жедигер Саалаевдин “Аргасыздык ырлар” деген китеби экен. Ой, ыр жазам деп дилгирленип айылда жүргөн бала үчүн борбор шаарда жашаган килейген акындын чыгармачылык ийгилик каалап кол тамга коюп берип ийген китеби мага кандай таасир эткенин сөз менен айтып бере албайм…

Аны менен бирге Ооганбек агай Жедигер Саалаев мен барып окуйм деп аткан университетте иштээрин, шаарга барганда окууга өтүшүмө жардам берерин, жазуучу, акындарды окутуп чыгара турган атайын бөлүм ачып атканын айтып, төбөмдү көккө жеткирип койду. Кайран өзүм Жедигер агайдын китебин кошуна-колоңдорго, мектептеги жоро-жолдошторго көрсөтүп бүткөнүм аз келгенсип, Аксынын ар бурчундагы туугандарга барган сайын көтөрүп алып автобуста кетип атканда, аялдамада отурганда, айтор эл бар жерлердин баарында атайын эле элге көрүнүш үчүн ача калып окуп, жанымдагылар “алдагы кимдин, эмне деген китеби экен, көрсөк болобу?” деп сурап калышса дилгирлик менен өзүңөр көрүп, керек болсо окусаңар да болот деп суна калып, агайым мени окуш үчүн университетке чакырды деп компойуп жүргөнүм эч эсимден кетпейт.

Баса, таенемдин мени шаарга окууга жөнөтүшүнө да так ошол китеп негизги документ болуп берген. Болбосо ага чейин ара-чолодо окуу тууралуу сөз боло калса таенем: “алда балам аа, окууга аркыраган атасы барлар да өтпөй атыры…” деп жөнөткүсү келчү эмес. Китепти көрсөтүп, калпты-чынды койгулаштырып “мени лично чоң акын, университеттин мугалими Жедигер Саалаев өзү келип окусун деп чакырып атат, барбасам уят” деп койсом, ишенип алган кайран киши.

* * *
Шаарга келерим менен Жедигер агайды издеп жөнөдүм. КМУнун административдик корпусун таап, үчүнчү кабатка көтөрүлүп агай менен бетме-бет жолугуп акын болгум келерин айтып, кайсы факультетке тапшыруу тууралуу кеңеш сурадым. Агай “Адабий ишмердүүлүк” бөлүмүн сунуш кылды. Жолум болуп бул бөлүмдүн студенти болуп калдым.

Жашоодо нукуралыгында кең пейилдиги, баладай тазалыгы, эч кимге кара санай албай турганы сыртынан көрүнүп турган адамдар болот. Арийне мен табиятынан талант ыроолонгон, жүргөн жүрүшү, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, жазган чыгармасы менен дүйнөгө жакшылыктын үрөнүн сээп келаткан чыгармачыл инсандарды көргөндө кадимкидей кубанам. Алардын арасында аталарым, апаларым, бир туугандарым көп. Мени бул жолго багыттаган акын, журналист, юрист Жедигер СААЛАЕВ. Бар болуңуз, агай!

Шакиртиңиз Зайырбек АЖЫМАТОВ 

“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.01.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Мен да сиздин “Адабий ишмердүүлүктөн” чыктым эле, Жедигер агай

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.