Кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китеп

“Адам өмүрүндө кайсы китептерди сөзсүз окуп чыгышы керек?” деген сурамжылообуз аягына чыкты. Бул сурамжылоону баштап жаткандагы максаттарыбызга жетпесек да (алгач 100 китепти тандайлы дегенбиз, анан 1000 добушка жетели дедик), 981 добуш кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китепти тандаганга толук мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз.

Бул сурамжылоону өткөрүүгө төмөнкү нерселер себеп болду.

Интернеттен окурмандар арасында биздикине окшош сурамжылоонун жыйынтыктарын көп кезиктирсек болот. Тандалып сунушталган китептердин саны адатынча 100дөн ашпайт. Бирок алар негизинен, англис, орус же башка тилде сүйлөгөн окурмандардын тандоосу жана кыргыз тилдүү окурмандарыбыздын тандоосунан азбы, көппү айырмаланып турушу бул талашсыз. Анткени тилибиз, дилибиз, окуган авторлорубуз, китептерибиз башка. Ошол эле кезде кыргыз тилдүү окурмандардын табитин аныктаган мындай тандоону эч жерден кезиктире албадык.

Сурамжылоо жүргүзүлүп жатканда көп жагынан жүйөлүү бир катар суроолор түшүп жатты: “Мындай сурамжылоонун зарылчылыгы барбы? Адам сөзсүз 100 эле китеп менен чектелиши керекпи? (биз бул санга да жете албадык J) ж.б.д.у.с.

Буга мынтип жооп берет элем (балким кайталанып калсам, кечирип койгула). Чын-чынына келгенде адам баласына анын адам катары калыптануусуна таасир берген китептер саналуу гана болот, ошондой эле жашоонун оор кезеңдеринде жөлөк, таяныч издеп аз гана китептерге кайрылабыз. Ошону менен катар, окумуштуулар да, аалымдар да айтып жаткандай, адам бүт өмүрү бою топтогон, анын жашоосунда керек болгон баардык билимди болгону 2-3 гана китептен таап алсак болот экен. Бирок биз учурда билбейбиз, кайсы китептер биз үчүн так ошол 2-3 китеп болоорун. Биз муну кеч түшүнөбүз.

Биз жүргүзгөн сурамжылоо, балким, так ушул китептерди тапканга жардам береттир. Бул кеңеш гана.

Дагы да эскерте кете турган нерсе, биз сунуштаган нерсе көп жагынан болжолдуу. Так болушу үчүн, баардык кыргызстандыктарды сурамжылоого тартышыбыз керек эле. Анан да бул Интернетти колдон билгендердин, болгондо да Фейсбукчулардын гана тандоосу. А канчалык деңгээлде анын тандоосу жалпы калктын тандоосу менен туура келе тургандыгы, муну айтыш оор.

Эми сурамжылоонун айрым жыйынтыктарына токтоло кетсек

– Добуш берүү 9 күн жүргүзүлдү (20.03-29.03.2012-ж.)

– Бардыгы 981 добуш катталды.

– 71 чыгарма жана авторлор аталды. Алардын 13ү кыргыз акын-жазуучулары.

– Эң көп чыгармалары аталган жазуучулар: Чыңгыз Айтматов – 6 чыгармасы, Федор Достоевский – 3 чыгармасы, Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Лев Толстой, Михаил Булгаков, Оноре де бальзак, Джек Лондон, Эгемберди Эрматов – 2ден чыгармалары.

ТОП-20

  1. Куран
  2. “Сынган кылыч”, Т.Касымбеков
  3. Манас  үчилтиги (Манас, Семетей, Сейтек)
  4. “Кылым карытаар бир күн”, Ч.Айтматов
  5. “Биринчи мугалим”, Ч.Айтматов
  6. “Старик и море”, Эрнест Хемингуэй
  7. “Саманчынын жолу”, Ч.Айтматов
  8. “Сто лет одиночества”, Габриель Гарсия Маркес
  9. “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, Ч.Айтматов
  10. “Война и мир”, Л.Толстой
  11. “Теңирим Манас”, А.Жакыпбеков
  12. А.Осмоновдун ырлары
  13. “Көк асаба”, Т.Сыдыкбеков
  14. “Жамиля”, Ч.Айтматов
  15. А.Пушкиндин ырлары
  16. “Мартин Иден”, Дж.Лондон
  17. “Мастер и Маргарита”, М.Булгаков
  18. “Алхимик”, Пауло Коэльо
  19. “Человек, который смеется”, В.Гюго
  20. “Идиот”, Ф.Достоевский.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.