“Чымындуулар” конкурсу улантылат!

Мен киммин? 
Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы…
(Б.САРНОГОЕВ) 

Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп жан дүйнөнү бир кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо, жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан “жабышканга”, ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялап атабыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.

Бир аңгеменин конкурсу

Аңгеме өтө узак болбошу керек. Жүрөктү эзген, дирилдеген, жан дүйнөнү толкуткан кыска сюжети бар аңгемелерге артыкчылык берилет. Аңгеме сүйүү, айрылышуу, жалгыздык, сагыныч темасында болушу керек же бир турмуш тамчыларын сүрөттөгөн жылуу аңгеме болушу кажет. Калыстар тобу аңгеменин сюжетинин курулушуна, сөздөрдүн таптап жазылышына, адабий көркөмдүгүнө ж.б. ушул өңдүү көп сапаттарга карап тандап алат.

Мыкты аңгеме деп табылган биринчи орунга 20 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, 3-орундагы эки аңгемеге 5 миң сом байге берилет. Бир аңгеменин конкурсунун жыйынтыгы июнь айында чыгарылмак. Бирок буга чейин редакцияга келген аңгемелердин аягы үзүлгөн жок, басууга даярдалып, бирок жарыялана электери да бир далай. Ошол себептүү көптөгөн окурмандардын өтүнүчү менен бир аңгеменин конкурсу да 2012-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.

Конкурска чыгармаңызды салганда толук аты-жөнүңүз, кыскача таржымалыңыз жана сүрөтүңүз кошо берилиши керек. Конкурстун талабына ылайык, аңгемелердин көлөмү кыска болушу зарыл. Көп аңгемелер көлөмдүү болуп, жарыкка чыкпай турганын да эсиңиздерге сала кетели.

Чыгармаларды төмөнкү дарекке салыңыз: defacto.gazeta@gmail.com же редакциянын дарегине почта аркылуу жөнөтүңүз.

Бир ырдын конкурсу

“Сан сайын конкурска түшкөн ырлардан тандалып алынганы гезитке жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-майда чыгарылат” деп мурда жарыялаганбыз. Бирок бул конкурска катышуучулардын саны абдан көп болгондуктан, катышууну каалаган окурмандардын өтүнүчү боюнча жылдын 1-октябрына чейин улантууну туура көрдүк. Конкурстун шартына ылайык, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобу тандаган бир акынга 20 миң, эки акынга 10 миңден, үч акынга 5 миңден байге берилет. Ыр көлөмүнө гезиттин бир устуну (колонкасы) берилет. Ал ыр башка эч бир гезитке же китепке түшпөгөн эң соңку ыр болушу керек.

“De-факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж. 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.