Таш-кордо
Керектелүүчү азыктар:
— Жаңы союлган малдын эти, коноктордун санына жараша колдонулат.
— Татымалдарды ( туз, мурч) табитиңизге жараша пайдаланыңыз.
5 адамга даярдасаңыз төмөндөгүдөй:
— 3 кг жаңы этти татымына жараша татымалдардан кошуп, 5-6 тиш сарымсак, бир боо аш көк. 5-6 лавр жалбырагы салынат. Эске сала кетчү жагдай: май, суу колдонулбайт.
Даярдоо ыкмасы:
— Малды таза союп алып, карынды тазалап жууп, коё турасыз.
— Сөөктөрүн сындырбай жигинен бөлүп алыш керек. Болбосо сынык сөөк карынды тешип кетиши мүмкүн.
— Булчуң (калың) эттерин тилип жукартып коюу талапка ылайык.
— Тузду жукалап сээп, болсо ар кандай татымдардан кошуп коет.
— Тоодо болуп калсаңыз көбүргөн менен сарымсак аралаштырсаңыз да болот.
— Андан кийин карындын оозун түйүп же тигип койсо болот.
— Эми от жагыш үчүн атайын жерди оюп, карынга ылайыктап даярдап алат. Ал жерге кум төгүп коет.
— Кумдун үстүнө карынды коердон мурда аны уйгактын чоң жалбырактары менен тегиз ороп алат.
— Даярдалган орунга карынды коюп, үстүнө дагы кумдан сээп, топурак менен жаап койгондон кийин 4-5 саат отту тындырбай жагып турат.
Тамагыңыз таттуу болсун!
Таш кордо тууралуу макалалар