Кайсыл учурда бээнин сүтү 200 ооруга дары боло алат?

Сүрөт http://centralasiaonline.com сайтынан алынды

Кандай өлчөмдө ичүү керек?
Бээнин сүтү күчтүү болгондуктан, 2 жашка чейинки балдарга көп сунушталбайт. Ал эми 2 жаштан 5 жашка чейинки балдар бир күндө 400 грамм өлчөмүн ар бир ичкен сайын 50 граммдан ашык эмес ичүүсү зарыл. 5 жаштан жогору 10, 15 жашка чейинкилерге күнүнө 700, 800 грамм ичүүгө уруксат берилет. 15 жаштан жогоркулар күнүнө 1л ичсе болот. Орто жаштагылар канча көп ичишсе, ошончолук пайдасы көбүрөөк. Ошондой эле 60 жаштан жогоркулар бээнин сүтүн ичүүдө өлчөмүн бир аз азайтуу керек. Эгерде организм аябай талап кылса, андай учурда коркпой иче беришсе болот.

Бээнин сүтүн кайсыл мезгилде ичүү керек?
Бээнин сүтүн ичүүдө ак боз же кула бээнин деп өңүн тандагандар бар. Чындыгында, бул эч кандай мааниге ээ эмес. Бээ кулундагандан кийин 15 күнгө чейин уузу тарабайт. Уузу тарай элек бээнин сүтүн утурлай ичсе дарылык касиетке ээ. Ал эми уузу тарагандан кийин дарылык касиети жоголот. Эгерде уузу тарай элек менен уузу тараган бээнин сүтүн аралаштырып ичсе дарылыкка пайдасы жок. Бирок тазаланууга таасири тиет.

Таза дарылангысы келгендерге ууз сүттү ичүү жолу
Эртең менен ач карын 30 граммдан ичип баштап, андан кийин ар бир саанда 30 граммдан көбөйтүү зарыл. Күнүнө 5 саан болсо, 150 грамм, ал эми 7 саан болсо, 710 грамм ичүү керектелет. Ууз сүт ичип жатканда кычкыл майлуу тамактар жана кыямдын бардык түрлөрүнөн баш тартып, мүнөздүү тузу кем тамактарды ичүү керек.

Бээнин сүтү айыкпаган дартты сакайтат 
Мунун дагы бир дарылык касиети 30 грамм бээ сүтүнө нак 30 грамм кымыз кошуп ичип, 5-7 күн жогорулатып ичип, кайра артка тартсаң, өзгөчө ашказан, ички жараларга, боордун циррозуна, кант диабети менен жабыркагандардын дартын жеңилдетет. Сүткө караганда саамалдын жогоруда айтылган ооруларга дабасы жогору турат. Саамал ичип дарылануучуларга жана бээнин сүтүн сатуучулардын эсине сала кетсек, колдо байланып, кургак чөп жеген бээнин сүтү дарылык касиетке ээ эмес. Өрөөндүү же жайлоодогу миң түркүн чөптүн гүлүн искеп жеген бээнин сүтү айыкпаган дартты сакайтат. Узак убакыт кыштоодо байланган желенин сүтү жагымсыз болот.

Бээнин сүтү кайсыл учурда 200 ооруга дары
Эгерде жаңы тууган бээнин ууз сүтүн 15 күнгө чейин жана сааган учурдан үч мүнөткө жеткирбей жылуу кезинде, башка бээлердин сүтүнө аралаштырбай ичсе, мына ошондо гана 200 ооруга дары боло алат.

Бээнин сүтүнүн зыян жагы барбы?
Негизинен зыяны жокко эсе. Бирок бээнин сүтүн жаңыдан ичип баштаганда, ичип жаткан кишинин ичин алат. Ошол мезгилде адамдын организми көнүп кеткичекти кыйналышы мүмкүн. Бул учурда атайын ич ооруга каршы дарыларды ичпөө керек. Негизи эле таптакыр дары аралаштырууга болбойт. Кан басымы жогору болгон кишилер бээнин сүтүн ичүүдө алгач аз-аздан ичип баштап, организимин көндүрбөсө башы ооруп, кыйналып, кускусун келтирет.

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.06.2012-ж. 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.