Жүзгө чыккан Көпбай Күмүшалиев, эки талантка татыктуу аял болгон Сабира апа жана улуулуктун сырлары

Көпбай КҮМҮШАЛИЕВ… Бул ысым искусство чөйрөсүндө жакшы таанымал. Бул инсандын кол жазмасынан жаралган илимий чыгармалары азыркыга чейин жаш муундарга сабак болуп келатат. 2013-жылы Көпбай КҮМҮШАЛИЕВдин жүз жылдыгы белгиленмекчи. Ушуга байланыштуу анын басып өткөн жолу тууралуу балдарынан, жакындарынан эскерүү уктук.

Ал 1913-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган. Улуу Ата мекендик согушка чейин кыргыз улуттук драма театрынын түптөлүшүнө салым кошкон үлкөн артисттердин катарында турат. Анын чыгармачылык жолу да өзгөчө. Кыргыз театр искусствосунда өзгөчө орду бар, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева экөөнү ыйык сахна жакындатып, баш кошушат. Эки таланттуу инсан ошол кезде театрдын оор жүгүн көтөрүшкөн эле. Асылкүл деген кыздуу болуп, ал төрткө чыгып калган кезде Улуу Ата мекендик согуш башталып, согушка жарактуу жигиттер чакырыла баштайт. Ошол учурда Кыргызстандагы биринчи театрды түптөөчү артисттерге брон берилип, алар согушка чакырылбайт деген токтом чыгат. Көпбай Күмүшалиев сахнада роль ойноп, драмтеатрдын директорунун орунбасары болуп эмгектенчү экен. Брон Көпбай агага да тийет. Бирок анын патриоттук духу абдан күчтүү эле, алты саным аман турганда кан майданга чыкпай жата бермек белем деп өз ыктыяры менен аскер комиссариатына барат. Анын согушка кетем дегенине атасы Күмүшалы, жубайы Сабира да каршы болушат. Бирок согушка аттанам деген Көпбай эч кимдин сөзүн укпай, төрт жашар кызы, жубайы Сабира менен коштошуп кан майданга аттанат.

Сабира Күмүшалиева агезде сахнада далай ролдорду ойноп, аты алыска кетип таанымал болуп калган. Ошол кезде театрда дагы бир таланттуу, улуу артист Муратбек Рыскулов да иштечү. Сахна эки талантты жакындатып, ортосунда сүйүү сезими тутанат. Алардын сүйүүсүн ошол учурда түшүнгөндөр да, түшүнбөй ушак кылгандар да болгон.

Көпбай Күмүшалиев кан майдандан аман-эсен 1945-жылдын май айында кайтып келет. Ал согуштан келери менен жакын достору Сабира менен Муратбектин мамилесин айтышат. Бирок Көпбай буга туура көз менен караган дешет замандаштары. Экөө урушуп-талашып, таарынышкан да эмес. Эгер Муратбек экөөнүн мамилеси болсо, анда аялымдын башын бошотоюн деген экен.

Сабира менен Көпбай экөө эч кандай уруш-талашы жок ажырашат. Күмүшалиева деп таанылып калган Сабира күйөөсүнүн фамилиясын өзгөртпөй ошол боюнча калтырат. Анүстүнө кайнатамды да сыйлайм, ал абдан жакшы киши болгон деп эскергени бар Сабира эженин.

Ошентип ар кимиси өз жашоосун улантат. Көпбай Күмүшалиев университетти жаңы аяктаган өзүнөн тогуз жаш кичүү Шакен Исакова деген кызга үйлөнөт. Экөө Бектур, Туратбек деген эки уулдуу болушат. Шакен Исакова өмүр бою “Кыргызстан” басмаканасында редактор болуп эмгектенген.

Көпбай Күмүшалиев согуштан келгенден кийин чыгармачылык чыйырын башка нукка бурат. Кыргыз театрынын түзүүчүлөрү, маданият, искусство боюнча далай макалаларды, китептерди жазып, жазуучулукту аркалайт. Убагында кыргыз улуттук драма театрында, опера жана балет театрында, куурчак театрында адабият бөлүмүн жетектеп, 25 жыл университетте мугалим болуп иштейт. Акыркы жолу “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орунбасары болуп жүрүп ардактуу эс алууга чыгат. Анын калеминен жаралган “Алар баштоочулардан болушкан”, “Кыргыз театрынын жаралышы”, “Кыргыз театрынын салтанаты” ж.б. илимий китептер жана театр искусствосунун тарыхы тууралуу белгилүү артисттер жана маданият тармагы боюнча макалалардан турган беш томдук китеп жарык көргөн.

Жакындарынын жана замандаштарынын айтымында, ал мыкты театровед, таланттуу журналист, жазуучу болгон. Ал согуштан келгенден кийин канмайданга кетип дайынсыз жоголгон Абдрахман деген агасынын жетим калган кызы Токонду да өз кызындай багып өстүргөн. Сабира Күмүшалиевада калган Асылкүл менен да мамилесин үзгөн эмес. Көпбай Күмүшалиев 1986-жылы узак оорудан улам 73 жашында көз жумган.

“Чоң энем да Бишкек баатырдын тукумунан эле…”
Көпбай Күмүшалиев менен Сабира Күмүшалиеванын кызы Асылкүл Күмүшалиева азыр 75ге чыкты. Ал атасы тууралуу төмөнкүлөрдү эскерди:

– Атамдын апасынын фамилиясы Бишкекова эле. Бишкек баатырдын тукумунан болгон. Мен төрткө чыкканда атам Улуу Ата мекендик согушка кеткенден кийин чоң ата, чоң апама сейрек каттап калдым. Кичинемде атамды абдан жакшы көрчүмүн, ансыз жашап аткан үйдү элестете алчу эмес элем. Азыр ошол согушка чейинки мезгилди эстесем, апам Сабира үйдө тамак жасап арабызда жүргөнүн элестетем. Ал эми атамдын ар бир кыймыл аракети, мени караганы эсимен кетпейт. Эртең менен турганда эле атам менин бети-колумду жууп, кийимимди кийгизип, бир жакка барса дайыма мойнуна көтөрүп алчу. Ооруп калсам доктурга атам алпарып көргөзчү, ыйласам эмне болду деп соороткон да атам эле. Атам согушка кеткенде аябай сагынып жүрдүм. Өзүм кичине болгондуктан ошол кезде апам менен Муратбек Рыскуловдун мамилесин деле түшүнбөптүрмүн. Атам согуштан келгенден кийин гана анын үйүнө барып кээде жолугуп турбасам, чогуу жашаган эмесмин. Атамдын үйүндө анын агасынын жалгыз кызы Токон бар эле. Ага жолугуш үчүн да барып турчумун.

Чоңойгондон кийин атамдын мүнөзүнө жакшы баа бере баштадым. Ал дайыма бирөөгө ор казба, өзүң түшүп каласың деп айтар эле. Ал эми чоң атам Күмүшалы да жакшы киши болгон. Ал да айылда кадыр-барктуу аксакал эле. Ал XIX кылымдын аягында Сүймөнкул Чокморовдун атасы экөө Таластан Чүйгө Жангарач деген байды жигиттери менен коштоп келишкен экен.

– Атаңыздын экинчи аялы сизди кандай кабыл алчу эле?
– Мени атам абдан жакшы көрчү, ошондуктан мага ал үйдөн эч ким сүйлөй алчу эмес. Атамдан бөлөк жашасам да анын мамилеси мага абдан аяр, өзгөчө эле. Ошол кезде атам менен жашаган Токон сиңдим карасаң муну, бөлөк жашаса деле Асылкүл деп эркелетет деп айтып калчу.

– Апаңыз Сабира Күмүшалиева Муратбек Рыскуловго турмушка чыкканда сиз таене-таятаңыздын колунда калдыңызбы?
– Жок, апам мени аларга таштаган жок. Чындыгында ошол учурда Төкөлдөштөгү таята-таенем менен ушунчалык чогуу жашагым келчү. Алар да мени жакшы көрөрүн түшүнчүмүн. Таенем менен таятамдын үйүндө жүргөндө жашоону, турмушту башкача сезим менен карап, бардык нерсени кооз боек менен көрчүмүн. Мен ошол кезде канча жолу таене-таятамдын үйүнө качып кеттим. Бирок апам мени болбой эле алып кетип калчу.

– Апаңызды кийинки балдарынан кызганчу эмес белеңиз?
– Апам менен Муратбек Рыскуловдон Нуржамал деген сиңдим, Бактыбек деген иним бар. Аларды бир туугандарым деп кубанып, жакшы көрчүмүн. Иним Бактыбек 43 жашында көз жумуп калды, ошондо аябай жаман болуп, көпкө кыйналып жүрдүм.

– Муратбек Рыскуловдун уулу Искендер Рыскулов менен мамилеңиз кандай эле?
– Ал абдан мыкты жигит эле. Экөөбүз бир үйдө турдук. Ушунча жашап, эч качан бири-бирибизге жаман сөз айткан эмеспиз. Экөөбүз жатындаш тууган болбосок да туугандан жакын элек. Абдан назик, боорукер, түшүнүктүү, акылдуу жан эле. Бактыбек бир тууганым менен Искендерди да бир тууганым дечү элем. Экөө тең каза болгондо ушундай кыйналдым. Мен жаш балдарды көргөндө ушуларды көрүп, Искендер менен Бактыбекке салыштырат элем. Бирок эч кимиси аларга окшошчу эмес. Искендер өзгөчө миң жылда бир жарала турган талант эле. Аны көрө албаган душмандары жок кылып тынышты. Ушул эки бир тууганымды эстегенде ичим туз куйгандай ачышат. Ал эми Бактыбек иним полковник, аскер кызматында иштечү.

“Көпбай агам даанышман эле”
Көпбай Күмүшалиевдин баккан кызы Токон да ал жөнүндө эскерип отурду:

– Чоң атам Күмүшалынын Абдрахман, Доскул, Көпбай деген үч бир баласы болгон. Мен ошол Абдрахмандын кызы болом. Атам мен жаңы төрөлүп, үч ай болгондо согушка чакырылып, Ленинградга жакындаганда бомбанын алдында калып, ошол бойдон белгисиз жоголду деген кара кагаз келиптир. Апам болсо мен жетиге чыкканда 1948-жылы оорудан 36 жашында каза болуп калган. Ошол кезде Көпбай байкем согуштан келиптир. Апам жалгызымды каякка алпарат элем, сен кыз кылып тарбиялап ал деп мени Көпбай байкеме өлөр алдында дайындап кеткен экен. Көпбай байкем мени 1949-жылы Жыламыш айылынан алып келип №5 мектепке киргизди.

– Көпбай ага менен Сабира эженин мамилелерин байкачу белеңиз?
– Экөө өлөр өлгөнчө сый болуп өтүштү. Бир жолу үйгө келсем Көпбай агам Муратбек Рыскулов боюнча макала жазып отуруптур. Мен ага таарыныч катары бул киши тууралуу жазбай эле койсоңуз болмок десем, Көпбай агам мени карап, “сен антип сүйлөбө, ал улуу, таланттуу, элдик киши, душмандык кылба” деп кагып койду. Алар тууралуу жаман айттырчу эмес. Көпбай байкем абдан улуу, даанышман киши эле.

2003-жылы чуркап жүрүп анын 90 жылдык мааракесин туулуп-өскөн жеринде өткөрүп, Жыламыш айылындагы бир көчөгө анын ысымын алып бердим. Эми 2013-жылы Көпбай байкемдин жүз жылдык мааракесин өткөрсөкпү деп турабыз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.