Майя эли менен кыргыздардын тил байланышы

Байыркы түрктөр жана Майя цивилизациясы… Мексикада, Белизде, Гватемалада жашаган индеецтер жана Улуу Туранды, Алтайды, Батыш Сибирди, Орхон менен Енисейди жердеген көк түрктөр, кыргыздар, сан миңдеген көчмөндөр… Борбордук Америка жана Борбордук Азия…

Булардын ортосунда кандай байланыш, кандай маданий жана тилдик окшоштуктар болушу мүмкүн? Эгер болсо, ал байланыштар кантип түзүлгөн? Кайсы доорлордо, кайсы кылымдарда? Муз доорундабы, жер каймактагандабы? Же адамдар кайыкты, жел кемени ойлоп тапкан викингдердин заманындабы? Айтор, “күн”, “балдыз”, “ат”, “кол”, “очок”, “кой”, ич”, “уул”, “кийик” деген сыяктуу жүздөгөн сөздөр кантип, кандай жолдор жана тагдырлар менен Латын Америкасындагы Мексика, Белиз, Гватемала сыяктуу мамлекеттерге жетип, ошол өлкөлөрдө жашаган индеецтердин тилинде, атап айтканда атактуу Майя элинин тилинде азыркыга чейин колдонулуп келатат?

Мындан төрт миң жыл илгери Америка континентиндеги улуу цивилизацияны түзүп, Египет фараондорунан кем эмес укмуштуудай пирамидаларды куруп, зор маданиятты, болгондо да өтө табышмактуу маданиятты калтырып кеткен майялар менен Алтайды жердеп, Енисей менен Орхонду бойлоп жашаган, кийин Азия менен Европанын булуң-бурчтарына тарап кеткен түрк тайпаларынын, кыргыздардын ортосунда кандай жакындык болушу мүмкүн?

Мен бул суроолорду коюп жаткан себебим, түрк окумуштуусу Исмаил Доган Мексикада бир жылдан ашуун майя индеецтери менен чогуу жашап, тилин, маданиятын изилдептир. 2500ге жакын тектеш сөздөрдү таап, “Майя-Түркчө сөздүгү” деген китепти жазыптыр. Андан тышкары майялардын маданиятын, этнографиясын да колунан келишинче изилдептир. Кудум кыргыздар соккондой  таарлар, таарлардагы оюулар ошол жакта да кеңири таралганын көрүп, аны фотого тартыптыр. Таар согуунун технологиясы да кудум эле биздин айылдык апалар колдонгон ыкмалар экен. Ага ошол эле Исмаил Догандын “Майя-Түркчө сөздүгүндөгү” татынакай түстүү иллюстрациялар толук күбө. Биздин эле боз үйлөрдө пайдаланылган боо-шуулардагы “кочкор мүйүз” оюулар, “төңөлүктөр”, кажары таар менен термелердеги фигуралар майялардын музейлеринен, эл арасынан тартылган фотосүрөттөрдө көзгө сүйкүм болуп эле көрүнүп турат.

Бирок окумуштуунун атайын сөз кыла турган табылгасы, түрк тилдүү элдердин тарыхын, генезисин, атам замандардагы жашаган географиялык ареалын түшүнүүгө кошкон опол тоодой салымы, албетте, анын “Майя-Түркчө сөздүгү” деген китеби. Айтылышы бир аз башкача, бирок маанилеш сөздөр болжол менен 1000ге жакын экен. Ал эми түпкү уңгусу сакталып, бирок мааниси бир аз жылышып кеткен сөздөр (андай сөздөр ошол эле түрктөр менен кыргыздардын лексикасында да толтура) 1000ден да көптүк кылат. Окумуштуунун айтканына караганда, тектеш, уңгулаш сөздөрдүн жалпы саны 2500гө чукул.

Aал – уул
Aч – ач
Бaалчы – балдан жасалган ичимдик
Балдыз – балдыз
Билим– ишарат, белги
Бол–мол
Чок – көп
Чок – очок
Ип – жип
Ич – ичүү
Kийик – кийик
Koй – кой (этиш сөз: бир нерсенин үстүнө коюу)
Kүч – күч
Ок – ок
Ол – бол
Oтоо – бөлмө
Сон – соң
Жел – жел
Жок – жогору
Бок—бок
Көт-көтөн ж.б.у.с.

Жогоруда Исмаил Догандын Майя-Түркчө сөздүгү “түрк тилдүү элдердин генезисин түшүнүүгө кошкон зор салым” деп айттым. Чынында эле бул китепти салым деп деле айтууга болобу? Буга “ооба” десек да болот, “жок” десек да болот. “Ооба” дегенибиздин себеби биздин көз алдыбызда ачык жана даана жазылган окшош сөздөр катар-катар тизилип  турат. Бул ачык жана даана фактыны эч ким жок деп тана албайт жана ал фактыларды жок кылам деп балталаса да жок кыла албайт. Бул китеп биздин элибиздин, жалпы эле түрк калктарынын дүйнөдөгү эң байыркы жана эски калктардан экенин дагы бир жолу далилдеп отурат.

“Жок” деп айтканыбыздын себеби – эскиден бери келаткан миңден ашуун кыргыз сөздөрүнүн азыркы Латын Америкасынан, болгондо да Мексикадан, ошол Мексикадагы саны 8 миллионго жакын Майя улутунун сөздүк запасынан табылып отурганы суроолорду гана көбөйттү, бирок жооптор азырынча табыла элек. Бул суроолор – глобалдык маанидеги суроолор, адамзаттын кантип Жер планетасынын туш-тушуна таралып, миграция жасап, кантип бир континенттен экинчи континентке өткөнүн кыйыр түрдө далилдеген суроолор. Алар соңку палеолит доорунда таралганбы же мезолит доорундабы (болжол менен 15-20 миң жылдай башта) – азырынча жообы табыла элек суроолор.

Биз демейде “көк түрктөр”, “байыркы кыргыздар” деген сыяктуу терминдерди көп колдонобуз. Исмаил Догандын китебинен кийин мезотүрктөр, палеотүрктөр, прототүрктөр деген терминдерге өтүшүбүз керек.

Демек жогоруда коюлган суроолорго “ооба” деген жооп тапканга чейин дагы нечен убакыттар өтөт. Эгер окумуштуу тилчилер ушул маселеге кызыгып, изилдейли деген күндө да планетанын кудум аркы бетинде жашаган майяларга, атап айтканда Мексика менен Белизге кантип жетебиз? Жок, жетиш-азыркы заманда эч бир проблема эмес, маселе-ага каражатты ким берет?

Кыскасы, кыргыз калкынын этногенезине, тарыхый тамырларына байланыштуу жоопсуз суроолор азыр ого бетер көбөйдү. Ошону менен бирге жогоруда айтылгандай жүрөк толкуткан ачылыштар, жомок же легенда эмес, чынга чыккан жоромолдор уктасаң түшүңө, ойгонсоң ойдон кетпейт. Кыргыздар айткан “Жер тамырынан эл тамыры көп” деген акылман сөздүн мааниси Исмаил Догандын китебинен кийин ого бетер тереңдеп ачылды окшойт.

Биз демейде “кылым карыткан кыргыз көчү” деген сөздү көп айтабыз. Кээде билип, кээде билбей туруп колдонобуз. Бирок ошо билбей туруп сүйлөгөндө да миң тамырыбызда диркиреген байыркы кыргыз каны, жан дүйнөбүздө билинбей бугуп жаткан  тарыхый интуиция ушул накыл сөздү оозубузга сала берип, генетикалык эс-тутумубуз өз жумушун жасап жаткандай туюлат. Чынында да кийинки жылдардагы илимий ачылыштар, тарых илиминде, археологияда, генетикада табылган жаңы маалыматтар  кыргыз тарыхынын кыйырын биз ойлогондон да алыстан таап чыгууда. Сыягы, “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган” деген макал бекер жеринен айтылбаган окшойт…

Кудайга шүгүр, азыр кыргыздар дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жашайт. Бүгүнкү кыргыз ойкуменасы бүтүн планетаны камтыды. А бирок тарыхый кыргыздарчы? Байыркы бабаларыбыздын изи бизди кайда гана ээрчитпейт…   Өзбекстан менен Тажикстандагы илгертен жашаган кыргыздардын зор тобу, Кытайдагы биздин уруулаш, жамаатташ кандаштарыбыз, Бээжинден анча деле алыс эмес жердеги кыргыздар тууралуу башта эле кулакдар элек. Бабаларын изи менен жүрүп отуруп, убагында Бабур менен кошо Индияга чейин барган, Тимурдун жоокерлери менен Жакынкы Чыгышка чейин жеткен бабаларыбызды тапканбыз. Маселен, мен өзүм да убагында бир катар изилдөөлөр жүргүзүп, орто кылымдагы кыргыздардын сүрөтү тартылган араб жан фарси миниатюраларын, документтешкен маалыматтарды басма бетине чыгарган элем (“Кыргызская Одиссея: до и после империи” деген китепте, Бишкек, 2011).

Азыр эми байыркы бабаларыбыздын шоораты тээ Борбордук Америкадан, Мексика менен Гватемаладан, Белизден угулуп жаткансыйт. Майя тилиндеги “күн”, “балдыз”, “ат”, “кол”, “очок”, “кой”, ич”, “уул”, “кийик” сыяктуу ондогон эмес, жүздөгөн кыргыз сөздөрү кайдан жүрүп Латын Америкасында байырлап калган, атактуу майя элинин тилине аралашып кеткен?- деген суроого жооп издеп, бул  тууралуу айрым учкай ой жүгүртүүлөрдү ортого салууга туура келип отурат. Буга эң биринчи себеп–түрк окумуштуусу Исмаил Догандын жакында жарыкка чыккан “Түрк-Майя сөздүгү” болууда. Ал сөздүктөгү жүздөгөн тектеш, уңгулаш сөздөр байыркы түрктөрдүн жашоо ареалы, таралган географиясы, миграция багыттары тууралуу башкача илимий концепция, керек болсо жаңы теория түзүүгө мажбурлап отурат.

Ырасында эле, кайдан жүрүп эски түрк сөздөрү, кыргыз сөздөрү Алтай менен Саяндан, Орхон менен Эне-Сайдан жылып отуруп Борбордук Америкага, анда азыр жашап жаткан байыркы майя элинин тилине аралашып кеткен? Булардын ортосунда кандай байланыш, кандай маданий жана тилдик окшоштуктар болушу мүмкүн? Эгер болсо, ал байланыштар качан жана кантип түзүлгөн? Кайсы доорлордо, кайсы кылымдарда? Муз доорундабы, жер каймактагандабы? Же адамдар кайыкты, жел кемени ойлоп тапкан викингдердин заманындабы?

Ушуга байланыштуу Алтайдагы “Денисов үңкүрү” деген үңкүрдөн 50 миң жыл башта жашаган кыз баланын сөөгү тууралуу илимий макалага окурмандардын көңүлүн бургум келет. Ал макала Америкалык “Science” журналына мындан үч ай башта чыгып,  ошондо Макс Планк институтунун антропологдорунун бир табылгасы мени абдан таң калтырган эле. Себеби ошол Алтайда табылган байыркы кыздын чачы кара, көзү кара, өңү да кара тору экени далилденген эле. Бирок эң кызыгы, кудум ошол 50 миң жыл мурда жашаган алтайлык кыздыкындай геномдук карта же гендер Австралиянын аборигендеринин арасында, Жаңы Зеландиянын жергиликтүү элдеринин арасында, жана ошондой Филиппин аралдарындагы айрым бир калктардын арасынан да табылганы тууралуу илимий маалымат кабарлаган эле. Ошол илимий макаладан кийин суроо пайда болгон – 50 миң жыл башта жашаган алтайлык кыз кайда жатат да, австралиялык аборигендер менен филиппиндик калктар кайда жатат? Кайдан жүрүп алардын гендери окшош чыгып калды, кантип Алтайды жердеген байыркы адамдардын кандаштары  тээ Океанияга жетти, андан ары Австралияга, Жаңы Зеландияга  чейин өтүп  барды?

Айтор, кыргыздардын, жалпысынан алганда мезотүрктөрдүн же прототүрктөрдүн пайда болушун изилдөөгө жем таштаган дагы бир маалымат пайда болду. Сыягы, байыркы адамдардын глобалдык миграциясы соңку палеолит доорунда, балким мезолитте башталган. Эгер мындан 10-15 миң жыл илгери Арктиканын муздары азыркы Санкт-Петербург жайгашкан жерди да каптап турганын эске алсак, ал кезде Аляска менен Ырааккы Чыгышты, башкача айтканда Азия менен Американы  жакындаштырып турган Беринг кысыгы, Сахалин менен Курил аралдары муз менен кардын калың катмары алдында жатканын эске тутсак байыркы адамдардын көчүп-конушу, миграциясы таптакыр башкача шарттарда жүргөнүн байкайбыз.

Ал эми байыркы адамдар деңиз аркылуу бир континенттен экинчи континентке өткөнү, атап айтканда Америка континенти менен Океания аралдарынын ортосунда байланыш Христофер Колумбдан да алда канча мурун болгону азыр далилденген илимий гипотеза катары саналат. Атап айтканда, атактуу норвег саякатчысы Тур Хейердал 1947-жылы “Кон-Тики” деген кичинекей жыгач кайык жасап, бир канча сапарлаштары менен Перудан Таити аралдарына сүзүп келген. Кийин, 1970-жылы, ошол эле Тур Хейердал тростник менен жыгачтан жасалган “Ра” деген кайык менен түндүк Африкадагы Мароккодон чыгып, Америкадагы Барбадоско жалаң шамал жана калактын күчү менен сүзүп келген. Ошентип, Тур Хейердал Америка континенти менен Азиянын, Африканын ортосунда атам замандарда эле деңиз аркылуу да байланыштар болгонун эксперимент түрүндө далилдеген эле.

Бирок Хейердалдын бул ачылышы – байыркы  доорлордогу Батыш – Чыгыш байланыштары кантип жасалганы жөнүндөгү бир гана илимий далил. Экинчи  бир илимий далил, болгондо да көз алдыбыздагы далил – Ырааккы  Чыгыштагы Беринг кысыгы аркылуу Аляскага, башкача  айтканда Азия материгинен Америка материгине  өтүп кеткен, ушу тапта жашап жаткан чукчалар, эвенктер, эскимостор, айнолор. Айнолордун бир тобу ушу азыр Жапониянын түндүк тараптагы аралдарында жашап жатат жана өздөрүн жапон элинин түп бабасы катары санайт.

Үчүнчү илимий гипотеза тээ муз доорунда, башкача айтканда жер каймактаганда, тилдер, лингвисттердин  сөзү менен айтканда прототилдер жаңыдан пайда болуп, адамдар цивилизациянын жолуна жаңы түшкөн кездерде жашоо-турмушка ылайыктуу жер-сууларды издеп, бир жерден экинчи жерге, бир материктен экинчи материкке көчө баштаган деген илимий жоромол. Бул жоромол тууралуу атактуу англис тарыхчысы Арнольд Тойнбиден баштап Лев Гумилевго чейин, Момсенден баштап Тур Хейердалга чейин жазышты. Бул сыяктуу илимий эмгектер азыр да биринин артынан бири жазылып жатат.

Ошол эле биз сөз кылган Исмаил Доган кызыл терилүү индеецтер бир аралдан экинчи аралга өтүп, акырындап жылып отуруп, Америкага Азиядан жеткен деген божомолду да четке какпайт. Айтор, түрк тууганыбыздын китеби мурунтан эле тилчилердин, культурологдордун арасында кээ-кээде айтыла калып жүргөн болжолдордун, гипотезалардын санын ого бетер көбөйттү. Башкача айтканда, жандырмагы жок табышмактар азыр андан бетер арбыды.

Майя цивилизациясы биздин эранын Х кылымында талкалана баштап, саны  15 миллионго жеткен бул калк кара чымындай кырылган. Кээ бир окумуштуулар мунун себебин катуу оорудан, эпидемиядан көрсө, кээ бирлер бир нече жылдарга созулган катуу кургакчылыктан көрүп келишет. Эгер майя цивилизациясы түптөлгөнүнө бери болгондо 4000 жыл болгонун эске алсак, биринчи календарды ошолор түзгөнүн эске алсак, ал эми байыркы түрктөр, атап айтканда көк түрктөр менен кыргыздар болжол менен 2500-3000 жылдай башта тарыхый аренага чыкканы белгилүү болсо, өзүнөн-өзү суроо туулат: майялар бизден кеткен этноспу же биз майялардан келген элбизби? Суроо, суроо жана суроо…

Айтор, байыркы түрк калктарынын миграциясы, башкача айтканда Түрк Ойкуменасы өтө татаал жана табышмактуу суроо бойдон калууда. Бул суроолорго ынанымдуу жооп табуу оңой маселе эмес. Албетте, ар кандай илимий гипотезаларды, болжолдору курууга болот, ошон үчүн илим, ошон үчүн теория жашайт, бирок баары бир ташка тамга баскандай так жана кимди да болсо канааттандыра турган жоопторду таба коюу азырынча өтө татаал маселе экендигин моюнга алганыбыз туура.

Бул ачылыштын соңунан дагы кандай илимий гипотезалар жаралат – муну келечек муундар, жаңы муундун окумуштуулары ишке ашырат деп үмүт кылып туралы.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 21-29.10.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Майя эли менен кыргыздардын тил байланышы

  • 09.01.2013 at 11:55
    Permalink

    кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө башка элдердин тарыхчыларынын жазгандарына кана таянуу аздык кылат. Элдик уламыштарды, жомокторду, жерлердин аталышын, сөздөрдү жана албетте маданиятты кеңири изилдөө менен тарыхый чындыкка жол ачылат. Ал эми балким Мая элдери муз доорунда кеткен деген божомол туура болушу мүмкүн. Кыргызда “Ал муздактан бери” деген сөз ошол доорду айтып жатышы мүмкүн.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.