Бишкекте акын жана котормочу Таштанбек Чакиевдин “Өзөн жээгиндеги үй” аттуу котормолордон турган поэтикалык жыйнагы жарык көрдү

Китеп Саади, Хафиз, Р.Бернс, А. Ахматова, А.С.Пушкин өңдүү дүйнөлүк классиктер менен бирге кыргыз журтчулугуна аты-жыты анчалык тааныш эмес акын кыздардын тандалган чыгармаларынан турат.Бишкекте акын жана котормочу Таштанбек Чакиевдин “Өзөн жээгиндеги үй” аттуу котормолордон турган поэтикалык жыйнагы жарык көрдү. Китеп Саади, Хафиз, Р.Бернс, А. Ахматова, А.С.Пушкин өңдүү дүйнөлүк классиктер менен бирге кыргыз журтчулугуна аты-жыты анчалык тааныш эмес акын кыздардын тандалган чыгармаларынан турат.

“Кыргызстандын жаңы адабият”, 24.01.2013-ж.

Бул жерде бул китепке кирген айрым котормолорду сунуштайбыз:

РОБЕРТ БЕРНС

Ыр

Аял алсам деп жүрөм,
Мейли жакшы, жаманын.
Аял болсо болгону,
Чечет элек калганын.

Семиз, мейли же арык,
Эң башкысы күйөөсүз.
Мейли суру келишкен,
Биз түнкүсүн сүйөбүз.

Мейли эгер жаш болсо,
Катарында басармын.
Картаң болсо эртерээк,
Кара кийип жатармын.

А кааласа төрөсүн,
Балалуу үй базар да.
Төрөбөсө эң жакшы,
Эркинирээк басарга.

Сүйсүн мейли аракты,
Ичкен оозго жарашат.
А ичпесе, эң жакшы,
Көбүрөөгү мага ашат.

Тажаал аял туурасында ыр

Аялым берип азапты,
Өлчөөсүз жедим таякты.
Мойнуңа минет андыктан
Катуурак койгун талапты.

Табамын деген бакыт жок,
Күндөр жок окшош жомокко.
Тажаткыр катын башымды,
Жашымдан тыкты тозокко.

Ошентсе дагы, үмүт чоң-
Жетемин деген жеңишке.
Тозокту көрүп мында мен
Кетээрмин эми бейишке.

Дагы котормолор

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.