Кыргыздын белгилүү инсандарына арналган фотокөргөзмө

insandar

Фотокөргөзмөнүн ачылышы: 01.02.2013 жыл саат 16-00

Фотокөргөзмөнүн мөөнөтү: 01.02.2013 жылдан 16.02.2013 ге чейин

Өткөрүлүчү жай: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсу 196, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейи.

Көргөзмө: белгилүү инсан, дүйнөнүн чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арнап иниси Орунбек Санатбаев тарабынан активдүү уюштурулду.

Көргөзмөдө 150 дөн ашык архивден алынган улуу инсандардын оңдоп-түзөтүлгөн сүрөттөрү коюлмакчы. Бул көргөзмөдө биринчиден, үй бүлөдөн башка коомчулукка чыкпаган кызыктуу сүрөттөр менен коштолгону Кыргыз тарыхында из калтырган yлyy инсандардын ким экендиги баскан жолу, эмгектеринен кабар берип тургансыйт.

Көргөзмөдө коюла турган yлyy инсандардын: Курманжан Датканын, Исхак Раззаковдун, Султан Ибраимовдун, Абсамат Масалиевдин, Сүймөнкул Чокморовдун, Жалил Садыковдун, Раатбек Санатбаевдин жеке буюмдары, кол жазмалары, сыйлыктары, китептери ж.б. баалуулуктар элибиз үчүн өтө маанилүү жана кийинки урпактарга кала турган мурас деп ойлойбуз.

Кыргыз элибиздин тарыхында Манастан баштап, ар бир доорубузда эл арасынан чыккан, элдин камын ойлоп өмүрүн мамлекеттин түптөлүшүнө, маданиятына, илим жана билимге, спортко өрнөк кылган жети инсаныбыздын уюткулуу элибиздин көрөнгөсү кур калбастан, дүйнө элдеринин алдында да чоң сыймык алып келүүгө кошкон салымы зор.

Уюштуруу тобунун байланыш тел.:
Төрагасы: Санатбаев Орунбек (0550887771)
Кайыпкулов Адыл (0558058889); Калбаев Кубаныч (0555657756); Жылдызбек;
Култаева Гүлшаркан (0552800900), е-mail: megu_tour@inbox.ru.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейи

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.