«Салижан Жигитовдун сабактары» жарык көрдү

kniga_jigitovБул туурасында «24.kg» агенттигине китептин автору, белгилүү публицист Алым Токтомушев билдирди.

Айтымында, китепте белгилүү коомдук ишмер, илимпоз, адабиятчы жана акын Салижан Жигитовдун Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы кемчиликтери жөнүндө берген интервьюлары топтолгон. Ойчулдун өз убагында көтөргөн маселелери, байкоолору, сунуштары азыр да актуалдуулугун жогото элек.

«Китеп «Турар» басмаканасында басылып, өкмөт тарабынан каржыланды. Ошондой эле бул китеп өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин алгы сөзү менен башталат», – деди автор.

Мунара БОРОМБАЕВА, «24.kg» MA, 07.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.