Н. Турсунбаев: Таттыбүбүнү өзүм көргө алып кирип, чекесинен өөп коштошуп чыктым

t_tursunbaeva“Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол” деген драматург Токтоболот Абдымомуновдун асыл сөзү бар.

“Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн таттык,
Бастык жаркын талант көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн”
деп маркум акын Жолон Мамытов ырларында даңазалаган, периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, Ак-мөөрдүн элесин берген аккуу Таттыбүбү Турсунбаева арабызда тирүү болгондо келерки жылы араң гана 70-жашка толмок. Бир жаралган талантты убагында көкөлөтүп, барктап, даңктап алганда ушул күнгө чейин кыргыз искусствосунун өсүшүнө кандай гана салым кошот эле. Бирок анын ошол кездеги замандаштары кайталангыс талантты барктай албады. Жарык таланттын чырагын тезирээк өчүрүүгө далалаттанышты. Биз бүгүн алдыдагы Таттыбүбү Турсунбаева эжекебиздин 70 жылдык маарекесин утурлай, жатындаш агасы Нуркан Турсунбаев ага менен маек курдук.

Карындашымдын каза болгонуна 32-жыл болду

Таттыбүбү 1944-жылы 12-июлда жарык дүйнөгө келген. Келерки жылы 70 жашка толот. Таттыбүбүнүн каза болгонуна мына 21- декабрда 32 жыл болду. Жеңеси Жыпара экөөбүз он жылдан бери аракет кылып жүрүп, быйыл эстелигин бүтүрдүк. Эки миллион сегиз жүз миң сомдун тегерегиндеги акчага бүттү. Кызыл бронзодон жасаттык. Ак мрамордон жасаталы десек кыргыз жергесиндеги мраморлор жашыраак экен. “Кызыл алмадагы” элеси чагылдырылган мурдагы эстелиги да ак мрамордон эле. Андан сырткары 70-жылдыгына карата вице-премьер Камила Талиева баштап, маданият мнистрлиги, Жумгалдык жердештери маарекени белгилөөгө кам көрүшүүдө. Бул юбилейге карата театр фестивалы, ырчылардын фестивалы, журналист, акын-жазуучулардын, сулуулар конкурсу ж.б көптөгөн ар түрдүү иш чаралар өткөрүлөт. Китептерин, календарларын чыгарабыз. Таттыкем 37 жашында каза болуп калды. Театрда, кинодо болгону он беш жылдай гана иштеди. Бирок ошол он беш жылдын ичинде кайталангыс образдарды жаратып кетти.

22 жашында Ак-мөөр эжекебизди тирүүлүккө алып келди

Жалаң башкы каармандардын образын жаратты. Бирок ошол эмгектеринин үзүрүн көргөн жок. 22 жашында, жаңыдан гүлдөй ачылып келе жатканында Ак-мөөрдүн образын жаратты. Ак-мөөр эжекебизди тирүүлүкө алып келди. Ошондо Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлгөн. Шүкүрбек Бейшеналиев деген жазуучубуз сыйлыктар комиссиясынын жетекчиси экен. Көчөдөн жолугуп “Нуркан, карындашың лауреат болду” деп куттуктаган. Орто жолдон бут тоскондордун көксөөсү канып, сыйлыкты ыйгарбай коюшту. Бул анын турмушундагы биринчи сокку болгон. Андан кийин театрда, кинолордо өз образдарын жарата берди. “Уркуя”тасмасы тартылгандан кийин, тасма бүт Европаны кыдырып, биринчиликти алып келди. Ошол ийгиликтерден соң тасма жаратуучулар Токтогул атындагы сыйлыка көрсөтүлүп, тасманын режиссеру Океев жана оператору Кадыралиев алды. Таттыбүбүгө беришкен жок. Таттыбүбүгө ыраа көрбөй коюшту. Менин жүрөгүмдө бул ачуу турмуш тамчысы болуп калды. Бул кайгы элдин жүрөгүндө калды. Таттыбүбү каза болгондо Ала-арча көрүстөнүнө эл артисттери гана коюлат деп орун бербей коюшту. Сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлуп калды.

Таттыбүбү өлгөн жок, кайып болуп кетти

Ушул күнгө чейин бушайман болом Таттыбүбүнүн өлүмүнө эмне себеп болду. Апам каза болгондон кийин 11ай өткөндөн кийин кете берди. Ошол учурларда апамдан кийин дайыма маанайы пас жүргөнүн байкап жүрдүм. Апамдан айрылуу да абдан оор тийди.Таттыбүбүнүн акыркы күндөрү тууралуу азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Ленинчи жаш” гезитине маек алып, баарын айтып бергем. Анчалык деле оор дарты жок эч капарсыз курортологияда жаткан жеринен тез жардам менен неврология бөлүмүнө алып барып, бир заматта өлтүрүп тынышты. Медицинада чоң сыр бар. Ким буйрутма берип өлтүрткөнү сыр бойдон калды.

Таттыбүбүдөн айрылып калдык деп Жумгалга кабар бердим. Мени министирге чакырганынан барсам, Таттыбүбү сенин жалгыз карындашың болгону менен жалпы кыргыздын кызы. Биз баардык милдетин алабыз. Сөөк Фрунзеге коюлсун деп суранышты. Туугандар акылдашып жатып макул болдук. Анан көрүстөн боюнча чатак болуп, ЦКанын идеология боюнча секретары А.Карыпкуловго чейин кирип жатып, руксат ала албай койдук. Сөөгү Орок айылына коюлуп калды. Чыңгыз Айтматов баштаган эмне деген залкарлар Таттыбүбүнү узатууга келишпеди дейсиң. Ушундай улуу адамдар менен жаратылыш байланышта болот экен. Ошондо боз үй тигип, сөөктү жаңы алып келгенде ушундай бир мөндүр төктү. Эртеси күнү күн чайыттай ачылып кетти. Азабызды бөлүшүп үч миңдей киши мүрзөгө чубап барышты. Таттыбүбү менин оюмча өлгөн жок. Кайып болуп кетти. Кушка айланып учуп кетти. Мен мурда карындашымдын ушунчалык сулуу экенин байкабапмын. Акыркы коштошуу митинги болуп жатканда карап турсам, жүзү манаттай кызарып, кан-тамырларына кан жүгүргөндөй болду. Көзү гана жумулуу болгону менен жүзүндө жылмайуу бар эле. Ошол учурда өлүм менен өмүрдүн дене дүркүрөткөн учкунун сезип турдум. Мен ошондо жалгыз жатындашымдын, каралдымдын ушунчалык сулуу экенин билдим. Асмандан куштар учуп өттү. Балким айланада адамдар болбосо куштар келип Таттыбүбүнүн табытына келип конушмак. Таттыбүбүнү өзүм көргө алып кирип, чекесинен өөп коштошуп чыктым.

“Сөөктү Ала-Арча көрүстөнүнө которолу” деп Акаев сунушун айтты

Арадан бир топ жыл өткөндөн кийин бир күнү театрга барсам “сага президент Аскар Акаевден чакыруу келди” деп калышты. Өзү президент болсо мени чакырып эмне кылмак эле деп ишене берген жокмун. Болду болбоду Таттыбүбүнүн маселеси менен чакырып жатат го деп Таттыбүбү тууралуу китеп, календарларды алып алдым. Барсам белгилүү эмгек ардагерлерин кабыл алып жаткан экен. Мени эң аягында чакырышты. Кирсем премьер мнистр Апас Жумагулов, вице-премьер Мира Жангарачева, апарат жетекчиси Кубанычбек Жумалиевдер калышыптыр. Мен киргенден кийин шампан ачышты. Дагы деле мени эмнеге чакырышты деп таңгалып турдум. Анан Акаев бокалды көтөрүп туруп айтты. “Нуркан Турсунбаевич, мен сизди чакырганымдын себеби сиздин жатындашыңыз, кайталангыс талант Таттыбүбү Турсунбаева менин замандашым экен. Улуу талант бааланбай, жадагалса сөөгү да Ала-Арча көрүстөнүнө коюлбай калган экен.Сиз тууган уруктарыңыз менен кеңешиңиз. Сөөктү Ала-Арча көрүстөнүнө которолу” деди. Мен ошол жерден жаман болуп кеттим. Андан бери он жылдай убакыт өтүп кетти. Жогоруда айткандай акыркы жолу көргөнүмдө, акыркы ирет чекесинен өпкөн карындашым азыр кандай абалда болуп калды. Кантип кагыраган сөөктү көрүүгө дитим барат. Урук-туугандар менен дагы акылдашсам сөөктү которбойт деген кеңештерин беришти. Акаев мени узатып жатып, Кубанычбек Жумалиевге табыштап, колума пакет карматышты. Пакеттин ичинде 47 миң сом бар экен. Ал учурда андай акча бир топ акча эле. Кеп акчада эмес адамгерчиликте. Ушул кезге чейин Таттыбүбү тууралуу жылуу сөздү андай адамдардан эшите албайм. Бул мамиле менин жүрөгүмдө калды. Эли-журтубуз бар. Калдайган Ала-Тообуз бар. Кудай буйруса Таттыбүбүнүн 70-жылдык маарекесин белгилеп, кайрадан бир тирүүлүкө алып келебиз.

Жамиля Нурманбетова, “Кабар ордо”, 23.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.