Жазгүл Жамангулованын адабий кечеси өтөт

j_jamangulova18-май күнү жаш акын Жазгүл Жамангулованын “Чачылган текче” деген аталыштагы поэзия кечеси, Бишкектеги М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында өтөт. Салттуу поэзия кечелеринен айырмаланып, жаш акындын ырларында катылган турмуш чындыгын актёрлор кадимки жашоодой сахнада ойношот. Дагы бир айырмачылык автор өзү тек гана көрүүчүнүн ролун аткарат. Өзгөчө жаштарга түшүнүктүү ыкма тандалып, анан толук бойдон жаш актёрлордун аткаруусунда коюлуп жаткан бул иш чаранын коюуучусу Таалайгүл Ташмамбетова. Жаш акындын ырларын жаттап эмес, ар бир ырын жүрөктөн откөрүп, кудум жашоодо болуп жаткандай ойногон оюн сахнада алгачкы коюлуп жаткандыгы менен жаңычылдык деп айтууга болот. Мындай кадам унутта калып калган поэзия дүйнөсүнө жаштарды тартуунун өтө ийгиликтүү жолу болот деген ишеним бар.

Поэзия кечеси ишемби, 18-май күнү М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында 14:00 башталат…

КЕЧЕДЕН КҮТӨБҮЗ!!!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.