Токон Эшбаев: Ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам

t.eshpaevАла-Тоонун бейиштей кооз, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек.

Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл алынган. Насип буйруп, бир ирет бул ажайып чыгарманын автору, белгилүү обончу Токон Эшбаевге жолугуп калдым. Өзүм чаткалдык болгондуктан, кичи мекеним тууралуу белгилүү чыгарманын жаралуу тарыхын билгим келип, Токон Эшбаевди маекке тарттым.

-Токон аке, “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу белгилүү ырдын автору сиз экендигинизди билебиз. Бул ыр кандайча жаралып калды эле. Ушул тууралуу айтып бериңизчи?

– Анда тээ алтымышынчы жылдардын аягы эле. Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына жаңы көпүрө курулуп, анын ачылышы болмок. Ага удаа малчылардын облустук слету да Чаткалда болмок экен. Ал облустук мааракеге Жалал-Абад облусунан артисттерди чакырышты. Арасында мен да бармын. Скорый деп койчу УАЗ машине менен келатабыз артисттер, Чапчыма белин ашып. Жолу татаал, бийик, кыялап…

Малчылардын Чаткалда өтчү облустук слетуна арнап, облустук гезиттин атайын чыгарылышын чыгарышкан экен. Бизге да бирден берген. Анан машинеде келатып, аны карасам, акын Таш Мияшевдин “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыры кошо басылыптыр. Ырды окуп, жолдо эле кыңылдап, обонго салдым. Обонго салган соң, аккордеон менен ырдап да көрдүм. Чаткалга бардык. Слет башталды. Ал кезде слет деген кадимкидей эле майрам болчу эле. Слет учурунда, артисттердин катарында мага кезек келди. Анан мен, газетадагы ырды кыркып алдым да, карамель деп аталчу ширелүү момпосуйдун ширеси менен аккордеондун үстүнкү бетине ырды жармаштырып, эл алдына чыгып, аны карап алып, ырдадым. Слеттун катышуучуларына да газетадан бирден таркатылган эле. Алар жаңы эле чыккан газетадагы ырга качан обон чыгара салды экен?-дешип, таңгалып жатышкандыгы көрүнүп турду. Ошентип, ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам.

-Бул ыр анан, кандайча популярдуу болуп кетти?

-Ал мезгилде компартиянын идеологиясы өкүм сүрүп, жаштарды, комсомолдорду дың жерлерди өздөштүрүүгө жана алыскы жерлерди өнүктүрүүгө шыктандырып, үндөп жаткан мезгил эле да. Бул ыр ошол кездин ураанына, духуна үндөшкөндүктөн, ошол кездеги муунга алынып кетти.

-Сиз келген 70-жылдары Чаткалдын көрүнүшү, абалы кандай эле?

-Ал кезде, камыштан жабылган жепирейген тамдар бар экен. Тамдар да азыркыдан бир топ аз. Азыр болсо башкача. Чаткал бир топ өнүккөн.

-Токон аке, кызыктуу маегиңиз үчүн чын дилимден ыраазылык билдиремин.

Мухамедалы Эшназаров, «КАБАР ОРДО», 21.01.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.