Өмүрбай: Ай санак – бул чоң илим

makelek

Буга чейин Кытайдын Шиңжаң уйгур автоном районундагы кыргыздар жаңырган жылдан тарта кыргызча ай аттарын колдонууга өткөнү маалымдалган эле. Бул тууралуу филология илимдеринин доктору, кытайлык кыргыз – Макелек Өмүрбай “Азаттыкка” маек берди.

Макелек Өмүрбай ай аттарында бүтүндөй бир элдин маданияты, табият сырын тереңден билген илим – билими жатат деди.

Макелек Өмүрбай: Кыргыздарда, айлардын аттарын колдонуу тарыхы – тээ бешинчи кылымда Эне-Сайда жашап турган кезде башталган экен. Кытайдын “Жаңы Таңнаама” деген тарыхый жазмасында “Кыргыздар жылдын башын “Баш-ай” дейт”, – деп сакталып калган. Мына ошол кезде кыргыздар ай аттарына “көнөк жылдыз”,” козу жылдыз” деп асман телолорунун ысымын койгон.

“Азаттык”: Эмнеге ошентип атаганына кызыгып көрдүңүзбү?

Макелек Өмүрбай: Эне-Сай түндүк уюлга жакыныраак эмеспи. Ошондон улам деген божомол бар.

“Азаттык”: Ал эми Бирдин айы, Бугу, Кулжа деген аталыштар качан пайда болгон?

Макелек Өмүрбай: Эне-Сайдан Ала-Тоого көчкөндөн кийинки мезгилде десек туура болот. Ал жактан ооп келгенден кийин мурдагы географиялык ордуна караганда бул жерде чоң өзгөрүш болгон. Ушул жашаган чөйрөсүнүн табиятына ылайыкташкан аттарды коюу талабы келип чыккан. Он эки айдын беш айын ыйык сандар менен, жети айды – кайберендердин туут мезгили менен атаган. Кайберендердин туут мезгили өтө туруктуу болуп, үй айбандарына караганда жылына бир гана мезгилде төлдөгөн. Эч кандай жылыштар болбогон.  Эгер жылыш болуп кете турган болсо, каатчылыктын белгиси катары кабыл алышкан.

“Азаттык”: Бул аталыштар кыргыздардын тарыхына, турмуш-тиричилигине эмнеси менен ыңгайлуу болгон?

Макелек Өмүрбай: Кыргыздардын олуттуу биринчи кылган иши –  ушул ай аттарын, анын 24 сааттык маалын, тогоолдорду атаганы. Аны бүткүл улуттук деңгээлде колдонуу даражасына жеткирип, жалпылаштырганы. Мисалы, ар бир ай өзүнчө, жөн эле атап койгон нерсе эмес.

Ар бир айдын он беш жарыгы, он беш караңгы. Ошо маалда абада кандай өзгөрүү болот? Кайсынысы дыйканчылыкка, кайсынысы малчылыкка ыңгайлуу? Мына ушуларды ылайыктаган. Кыргыздар  ошо кезде жылдын башын – башкы айын, жаз келген Жалган Курандан баштаган. Жалган куран, Чын куран, андан кийин Бугу, Кулжа, Теке, Баш оона, Аяк оона. Аяк оонадан кийин Тогуздун айы дейт, андан кийин Жетинин айы, Бештин айы, Үчтүн айы, Бирдин айы. Жылдын соңу – Үчтүн айы. Бул – азыркы, биздин ушул кийинки эле ай санак, жыл санактарга төп түшкөн. Андыктан, айларыбыздын аттары – жөн гана кыргызча сөздөр менен атап, белгилеп коёлу деген нерсе  эмес. Мунун ичинде өтө чоң билим жатат.

Макелек  Өмүрбай уулу – профессор, ШУАРдын Үрүмчү шаарында чыгуучу “Тил жана Котормо” журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, Манас таануучу.

Алтынай Темирова, “Азаттык”, 27.01.2014

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.