Элечек кийген аял башын өйдө көтөрүп, белин түз кармап өзүнчө бир сын күтөт

elechek

Элечек, жаз, Нооруз, Курманжан датка тууралуу айылдан келген апабыз асыл сөздөрүн окурмандарга тартуулады.

Алыскы Алай районунун Курманжан датка айылынан келген Исмаилова Гүлбара Тилеке тегин менен маек курдук. Элечек, жаз, Нооруз, Курманжан датка тууралуу айылдан келген апабыз асыл сөздөрүн окурмандарга тартуулады.

– Облустардан келген уз айымдардын көргөзмөсүнө көз жоосун алган апалардын элечегин жасап келипсиз. Өзүңүз тууралуу, анан сиз жасаган апалардын элечеги тууралуу кеп бөлүшсөңүз?

– Мен Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынан келгем. Азыр 72 жашка келип калдым. Башынан эле ата-бабадан калган элечекти барктап-баалап кызыкчумун. 1991-жылы Курманжан датка апабыздын 180 жылдыгына карата кыргыз көчүн уюштуруп келгем. Ошондо биринчи ирет элечек жасап кийип келгем. Ошондон тарта элечек жасоо мени кызыктырып, жасай баштадым. Элечек дүйнөсү өзүнө тарта баштады. Илгери келин-кесек, байбичелер башынан элечекти түшүрбөй, элечек аялзатынын барктуу баш кийими болгон. Бул башка улуттун эмес өзүбүздүн улуттук баш кийимибиз да. Кандай көрктүү, кандай жарашыктуу! Кийин согуш жылдарынан тарта элечек кийүү акырындап калып кетиптир. Элечек аялзатына эң бир ыңгайлуу экен. Мисалы, кыз бала башына такыя киет. Такыячан десе кызды, элечекчен десе жубанды түшүнөбүз. Элечектин да жаш келинге, орто жаштагы аялга, байбичеге арналып жасалган түрлөрү бар. Алар элечекке сайылган саймалардын өңүнөн, түсүнөн билинет. Элечек кийип жүргөн аялзаты башын өйдө көтөрүп, мойнун койкойтуп жүрөт. Аркар моюн аялдар деп акындар ырдагандай, элечек кийген аялзаты койкойуп бир башкача сулуу көрүнүп калат. Бүкүрөйбөй, башын жерге салбай өйдө көтөрүп, белин түз кармап өзүнчө бир сын күтөт.

– Элечектин үлгүсүн кайдан алып жасайсыз?

– Элечектин үлгүсүн илгерки апалардын элечегине карап өзүм эле иштеп чыктым. Улам өз фантазиям менен жаңылап иштеп чыгып тажрыйба топтодум. Илгери элечекти ороп жасаган. Ага аябай көп мата 25-30 метрге чейин керектелген. Аны улам ороп туруш керек. А азыркы биздин элечектер заманбап болуп жасалган. Курманжан датка апабыз да такыр эле элечекти башынан түшүргөн эмес экен. Элечекти кийгенде аял киши кулагын жаап жүрөт. Аялзатындагы ыймандуулуктун, ийменүүнүн символу.

– Сиз айылыңызда Курманжан датка апабыздын сиңдиси аталып, өзүңүз да ал тарыхый инсандын тагдырын изилдеп, Курманжан датканын керээзин, кошогун жазып жүрөт экенсиз?

– Курманжан датка апабыздын керээзин көпчүлүккө ыр кылып айтып жүрөм. Даректүү тасмага да кошок кошуп тартылганым бар.

Алмустактан кыргыз болуп жаралган,
Мурункудай оң менен сол кошулуп,
Кеңеш курсун мандай-тескей отуруп.
Оң менен сол бир пикирге келбесе,
Кор болбойбу калпак менен элечек.
Алдыбызды күтөт кандай келечек, – деген.Өзү паша болуп турса да балдарын өлүмдөн сактап калган эмес.

Орус аскерлери Камчыбектин жаш зайыбы баштап келе жаткан көчтү тосуп, кооз куржундарды аңтара кетишет. Жаш зайыптын кулпуланган эки кичинекей сандыгына көздөрү түшөт. Анын ачкычтары жаш зайыптын чачынын учунда эле. Аскер башчысы ачкычты алып келүүгө буюрганда, аскерлер бурдап туруп Аселдин чачынан бери кесип келишет. Балээнин баары мына ушул чачтан башталат. Ызаланган жаш зайып Камчыбек жокто ал аскерлерди өлтүртүп салат. Өлгөн орус аскерлери үчүн Камчыбек өлүмгө буюрулат. Камчыбек өлүмдөн качса канчалаган кыргыздын каны төгүлмөк. Акылман эне кулунун өлүмгө кыйып туруп, элин сактап калат. Курманжан датка уулуна акыркы ирет “Ажалга тике кара, шейитиң маарек болсун, кулунум” дейт. Бул жерде акылсыз аялзатынын пастыгы менен акылман эненин улуулугу жатат.

– Сандалып кеткен балдарын,
Сагынып күтүп жүрчү экен.
Каргаша мазар алдында,
Күнүгө келип дуба окуп,
Алладан үмүт күтчү экен, – деген саптарыңыз бар экен. Ошол сиздердин айылдагы каргаша мазары тууралуу да укканым бар?

– Биздин Куманжан датка айылында каргаша мазары деген мазар бар. Алыстан карасаң кудум эле көмкөрүлгөн казанды башына көтөргөн энени элестетет. Казандын үстү көөдөй капкара. Эненин чачтарындай самсаалаган чачы да көрүнгөнсүйт. Түштөн кийин ошол казан көтөрүп турган эненин чачтарынын да көлөкөсү түшкөнү байкалат. Бир бечара үй-бүлө айылдаш байбичеден казан сурап келсе бербей коюп каргап кетишкен. Ошол каргыштан соң кемпир казанын төбөсүнө көтөргөн бойдон катып калган деген уламышты айтып келишет. Чындап эле ал мазардын шумдуктуудай сыйкырлары бар. Эки-үч жыл мурун ал мазарды аткылаган солдаттар каза болуп калышкан. Жакында ал казан түшүп калыптыр. Каргыш кетти деп жакшылыкка жорудук.

Жамиля Нурманбетова, «КАБАР ОРДО», 19.03.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.