Жарма Данек

(улуттук оюн)

Кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Оюн каалагандай жерде ойнолот. Оюнга 11 жаштан жогорку эки оюнчу катышат. Калган оюнчулар оюнга калыс болушат. Оюнга өрүктүн кош чыккан данеги пайдаланылат. Калыстардын катышуусу менен эки оюнчу «жарма данекти» жээрдин алдында өз ара «жарма данек» айтуунун мөөнөтүн, мелдештин шартын макулдашып алышат. Мисалы, 11-17 жаштагы оюнчулар «жарма данекти» 1-май күнү жешсе, 2-май күнү белгиленген саатта жолугушат.

Жолугушканда кимиси озунуп «Ассалом алейкум, жарма данек»- деп айтса ошол оюнчу утат. 17-20 жаштагы оюнчулар болсо «жарма данекти» жегенден кийин «жарма данек» айтуу мөөнөтүн бир нече күнгө калтырса же бир-эки жумадан кийин айтууну белгилешип шартташса да болот. Белгиленген убакытта мелдешкен эки оюнчу жана калыс оюнчулар бир жерге чогулуп, оюндун жеңүүчүсү аныкталат. Жеңилген оюнчу жеңгенине мөрөй берет же ырдап, бийлеп, шартташкан тапшырмасын аткарат. Оюн ушул тартипте улантылат.

“Кыргыз тили”, 28.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.