Кашкардан 17 орус туткунду бошоткон кыргыз

Павел Назаровдун (Paull Nazarroff) 1932-жылы Лондондо жарык көргөн Hunted Through Central Asia деген китебин бош убактымда тыным албай окудум. Анын автору Павел Назаровду 1918-1920-жылдары жаш совет өкмөтүнүн чекистери “Манас” эпосунда айтылгандай, “сары изине чөп салып, саргарта кууп алыптыр.” Ошого китепти кыргызча  “Борбор Азияда бутага алынган” деп шарттуу атап койдум. Ташкенттен ЧКнын чекистеринен качкан Павел Назаров оболу Чаткал тоолорунун этегинде, анан келип бүгүнкү Кыргызстандын Сары-Өзөн-Чүйүндө, Нарын аймагында жашынып жүрөт. Акыр аягында Турсунбай деген ченде жок эр жүрөк жана амалкөй аткезчи жигит аны Арпа өрөөнү аркылуу кытай чек арачылардын көзүнө илинбей жети күндө Кашкарга жеткирет. Акысына ЧКнын чеңгелинен аман кутулган Назаров Турсунбайдын колуна ошол кездеги акча менен 200 рублдик саатын тагат. Ал кезде Ташкенттин тегерегинде жашаган айрым элдер “катын алуу үчүн”  4 же 5 рубль калың төлөчү экен. А кыздын калыңы андан кымбат болгон. Санкт-Петербург менен Москванын илим-билимдүүлөр, ак сөөктөр чөйрөсүндө  “Алайдын канышасы” деген лакап ат менен белгилүү,  жашы 90дон ашкан Курманжан даткага ак пааша Николай экинчи тартуу кылган бриллианттын баасы 10 миңдеген рубль турган.

Аял демекчи, чагатай тилинде эркин сүйлөгөн Павел Назаровдун жазышынча, көпчүлүк европалыктардын Түркистандын эли аялга мал катары мамиле кылат деген түшүнүгү натуура. Сарт аялдар күйөөсүнө ыраазы болбосо же күйөөсү ага начар мамиле кылса, кыштактагы казыга барып, никесин бузуп коюуну сураган. Бали, ушуну менен башы бошогон.

Ал эми кыргыз жана казактарда (китепте – кыргыз деп жазылат) кыздары күйөөгө чыкканча, өздөрүн эркин алып жүрүп, жигиттер менен кездеше алганы менен, күйөөгө чыккандан кийин никелүү жары көз жумуп калса, сарт аялдардай башы бош болуп калган эмес. Үй-бүлөнүн, уруктун менчигине айланган. Бирок аялдардын жашы өйдөлөгөн сайын урук-туугандары арасындагы баркы өскөн.

Автобиографиялык чыгармада 1916-жылкы Үркүнгө байланыштуу да кызыктуу фактылар бар. Мисалы, Азамат бек деген бай жигиттин үй-бүлөсүнүн мал-мүлкүн ак падышага каршы көтөрүлүштөн соң орустар тоноп алышат. Анын орустарга мамилеси түз болсо дагы кары атасын өлтүрүшөт. Ага карабай, кыргыздар Кашкарга туткун катары ала кеткен аял-кызы аралаш 17 орусту бошотот. Деги эле мусулмандар (кыргыздар жана сарттар) орустарга, өзгөчө, империянын Европа бөлүгүнөн келгендерге караганда большевиктердин каарына калган адамдарга жакшы мамиле кылган деп көзгө баса көрсөтүлөт китепте.

Ивановкага гидроинженер ирети келген Назаров Турду деген кыргыз жигитти жолуктурат. Орусча сүйлөй да, окуй да билген Турду ошо тегеректеги эски чалдыбардан орто кылымдарга таандык эки метрден узун пергамент кагаздагы жазууну табат. Бул тарыхый булак Үркүн кезде Турдунун үйүн жергиликтүү орустар өрттөгөндө күйүп кетиптир.

Назаров Нарындан 25 чакырымдай жерде бир бай киши берген тойго күбө болот. Тойго Көкөтайдын ашындагыдай көп эл чогулуп, баш байгеге 100 төө, экинчи чоң байгеге 300 жылкы жана үчүнчү байгеге 250 миң совет рубли сайылат.

Баса, Нарындын өзүндө Неживов деген ишкер орус болуптур. Түркистанда орустун Хагенбеги (Карл Хагенбек – атактуу немец зоологу, жаныбарларды кууштуруп аргындаштырган) деген ат менен белгилүү Неживов Октябрь революциясына чейин Нарындан Германияга аркар-кийиктерди сатып турган экен. Анын Нарындагы үйүнүн короосунда түрдүү капастары болуп, анда атүгүл илбирс кармайт. 1919-жылы Неживовду аялы жана 2 жашар баласы менен кошо “буржуйлар” деп большевиктер тыйпыл кылат. Нарында жашаган европалыктардын экөөсү (анын бирөөсү жашы улгайган чал) гана советтердин баталгасынан качып кутулат.

1932-жылы Лондондо басылып, алигиче орус тилине которулбаган бул  китепте кыргыздардын үрп-адаттары, жашоосу, совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарындагы социалдык-экономикалык жагдай, Чаткал тоолорундагы байыркы кендер, Ала Тоонун жаратылышы, жапайы жандыктары тууралуу толгон токой кызыктуу маалыматтар бар.  Аны басып чыгарганы үчүн Охсфорд университетинин басмаканасына (OXFORD University Press) ырахмат айткандан башка айла жок.

Павел Назаров жөнүндө

Москва университетин жана Санкт-Петербургда тоо-кен институтун бүткөндөн кийин Ташкенге келип иштеп калат. Кесиби геолог, минералог, тоо инженери. Илимий эмгектери жогору бааланып, Орус География коомунун жана Минералогия коомунун мүчөсү болгон. Ал 1892-жылдан тарта ата-энеси менен Ташкенде жашап, чагатай тилин жакшы билген. Падышалык бийлик кезде жакшы кызматта иштеп, кендери ийгиликтүү иштеген Павел Назаров большевиктер жакшы кызмат сунуш этсе да, аларга кошулбайт. Тескерисинче, контрреволюционерлерге кошулуп, жаңы бийликке каршы күрөштү уюштурат. Британиянын чалгындоо кызматы менен иштешет. Ошон үчүн ЧК* артынан түшкөндө Кашкарга качып, Кытайдан Индия аркылуу Лондонго өтөт. Англияда да ЧК артынан түшкөнүн сезип, Африкага из жашырып кетип, 1942-жылы Иоханнесбургда 62 жашында көз жумат. Аялы Ташкенден чыгып кете албай калып, граждандык согуш кезде өлөт.

* Совет өкмөтүнө каршы турган контрреволюция жана саботаж менен күрөшүү үчүн 1917-жылы декабрда түзүлгөн өзгөчө комиссия.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 22.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.