Сентябрь айында Ысык-Көл облусунда 2-эл аралык «Салбуруун» фестивалы өтөт

salburun

Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча Республикалык борбору, «Салбуурун» федерациясы жана «Ак шумкар кут» жаштар коомдук бирикмеси 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр оюну» этно-фестивалынын алкагында 2-эл аралык «Салбуруун» фестивалын өткөрүшөт. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

“Салбуурун” фестивалы буга чейин кыргыз элинин байыркы салттык аңчылык өнөрүн көргөзүп, мындан ары дагы салбуурун салтын үзбөй улай тургандыгын далилдеп, боло турган фестивалда бул өнөрдүн ажарын ачып, маанисин элге демонстрациялап бермекчи.

Ушул жылы фестивалга  20дан ашуун өлкөнүн “Мүнүшкөрлөр” клубдары жана ассоциациялары катышышат, атап айтсак;  Катар, БАЭ, Сауд  Аравиясы, Египет, Алжир, Тунис, Марокко, Индонезия, Таиланд, Вьетнам, Япония, Кытай, Пакистан, Монголия, Корея, ТАР, Түркия, Украина, Грузия, Азербайжан, Польша, Словакия, Германия, Ирландия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка  өлкөлөр.

Фестивалдын максаты – улуттар аралык достукту чыңдоо жана дүйнөлүк мүнүшкөрлүк өнөрүн сактап калуу, эл аралык “Мүнүшкөрлөр” клубдарынын жана ассоциацияларынын, ошондой эле ушул багытта иш алып барган бирикмелердин кызматташтыгын арттыруу жана бири-бирине жардам көргөзүүнү бекемдөө болуп саналат.

«Салбуруун» фестивалынын программасы:

3-сентябрь

Фестивалдын катышуучуларынын жана делегаттарынын келиши;

4-сентябрь

Рух-Ордо этно-маданий комплексинде фестивалдын ачылыш аземи; ителги менен аңулоону сүйүүчүлөрдүн дүйнөлүк ассоцияцияларынын катышуусундагы конференция; элдик кол өнөрчүлүк жана салттык аңулоону сүйүүчүлөрдүн көргөзмөсү;

5-сентябрь

Чолпон-Ата ат майданында кушчулардын, жаачылардын жана тайганчылардын мелдеши, ошондой эле ат оюндарынын көрсөтмө оюндары;

6-сентябрь

Фестивалдын салтанаттуу жабылышы; Чет элден келген катышуучулар үчүн

Ысык-Көлдүн жээгиндеги кооз жерлеге саякат;

7-сентябрь

Фестивалдын катышуучуларынын мекенине кайтышы.

Бүгүн биз кушчулук, тайганчылык, ат үстүндө жаа атуу өнөрү аркылуу өзүбүздүн улуттук сыймыгыбызды пропагандалап келебиз. Аңулоодогу бул салттык өнөрлөрдүн барган сайын атагы артып, дүйнөлүк коомчулуктун сынына Кыргызстандын көрүнүктүү бренди катары татыктуу көргөзүлүп келе жатат. Бул жолку фестивалдын ардактуу коноктору катары Адриан Ломбард IAF эл аралык уюмунун президенти (жырткыч куштарды коргоо жана ителги менен аңулоо боюнча дүйнөлүк ассоцияция), Катар өлкөсүндөгү абройлуу «Альганас» уюмунун жетекчиси шейх Али Мухаммед, БАЭден Аль Мансури, Сауд Аравиясынан Уасен Аль-Тахаби, Казакстан Республикасынын спорттун улуттук түрлөрү боюнча ассоцияциянын президенти Кайрат Сатыбалды жана башка белгилүү коноктор келип катышмакчы.

“Кыргыз Кабар”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.